Нарында түшүм жылдагыдан жогору
Новость

Нарын облусунда 29 миң 495 гектар жерге эгилген дан эгиндеринен 73 миң  983 тонна дүн түшүм алынып, жылдагыдан  2-3 центнерге жогору.
Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөң билдиришкендей,  быйыл облус боюнча дан эгиндеринин жана чөп өсүмдүктөрүнүн түшүмү жакшы болуп, өнөктүк өз убагында жыйынтыкталды.

Алсак, 23 миң 534 гектарга эгилген арпадан 58 миң 603 тонна,5 миң 961 гектардан  15 миң 379 тонна буудай, 5 миң 53 гектардан 76 миң 199 тонна картошка,  250 гектардан  222 тонна сафлор, 484 гектардан 5 миң 698 тонна жашылча жемиш жыйналып алынды. Мындан тышкары 288 гектарга жүгөрү, 10 гектарга таруу, 54 гектарга сулу,  9 гектарга буурчак айдалган. 

“Оруп-жыйноо иштери 100 пайыз аяктады. Былтыркыга салыштырмалуу  кылкандуу дан эгиндеринин  түшүмү 2-3 центнерге жогору болуп жатат. Быйыл жаан-чачындуу жакшы жыл болду. Дыйкандардын кылган мээнети кайтты деп айта алам. 

Жазында резервдик фонд тарабынан 848 миң  200 миң литр күйүүчү май  дыйкандарга жардам катары арзан баада бөлүнүп берилди. Андан тышкары мамлекет тарабынан 146 миң 480 килограмм үрөн алынып берилди. Анын 30 пайызын  мамлекет төлөп берип жатат. Дыйкандарга агротехникалык нормаларды сактап айдоо боюнча  жылыга окуулар өткөрүлүп турат. Натыйжада дыйкандар  жер иштетүүнүн ыкмаларын, жер семирткичтерди колдонууну өздөштүрүп калышты. Мурда жерди жөң эле айдап коюшса азыр пайда табуу максатында аракет кылып калышты”, - дейт  Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Кыялбек Абакиров.