Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Сузак районунун Октябрь айылындагы сел каналынын курулушунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталды.
Тактап айтканда, курулуш объектисинде долбоордук-сметалык жана уруксат берүүчү документтердин толук топтому жок экени, ошондой эле курулуш ченемдеринин талаптары сакталбагандыгы белгилүү болду.
Аныкталган мыйзам бузууларга байланыштуу подряддык уюмга карата тиешелүү акт түзүлүп, кемчиликтерди жоюу боюнча жазуу түрүндө эскертүү берилди. Ошондой эле курулуш иштерин убактылуу токтотуу, объектти бекитилген долбоордук документацияга ылайык келтирүү жана зарыл болгон документтерди толук камсыз кылуу талаптары коюлду.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлүп, курулуш иштерин жүргүзгөн “Мелио Строй” ЖЧКсына 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.