Адылбек Касымалиев агроөнөржай комплексинин кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
Новость

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Агроөнөржай комплексинин кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. 

Куттуктоонун тексти: 

“Урматтуу айыл чарба эмгекчилери!

Агроөнөр жай кызматкерлери! 

Кадырлуу ардагерлер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Агроөнөр жай комплекси кызматкерлеринин күнү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктайм!

«Байлыктын атасы – эмгек, ал эми энеси – жер» деген учкул сөз накта чындык экенин турмуш дайыма далилдеп келет. Жашоонун булагын жерден алып жатабыз. Эт менен сүт, жашылча, жемиштер, нан менен бал – ушул берекенин баарысы тең сиздердин эмгектин үзүрү жана жердин бизге берген белеги.  

Айыл чарбасы экономиканын олуттуу тармагы болуп келген. Сиздердин эмгегиңиздердин аркасында Кыргызстан дүйнөгө экологиялык жактан таза мөмө-жемиш, эт жана сүт азыктары менен таанылып келе жатат. Бүгүнкү күндө кыргыз балы жана жаңгагы, малина менен кулпунайы чет элдик жана жергиликтүү керектөөчүлөр арасында суроо-талапка ээ. 

Акыркы жылдары айыл чарба тармагы туруктуу өсүш динамикасын көрсөтүүдө. Айыл чарба продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү жана экспорттоо көлөмү артып жатат. Бул ийгиликтер мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан колдоолордун, анын ичинде суу чарбасы жана жер ресурстары тармагындагы реформалардын, жеңилдетилген насыялардын кеңейтилген линиясынын, эл аралык өнүктүрүү институттарынан тартылган грант жана жеңил кредиттердин натыйжасы болуп саналат.

Азыркы мезгилде агрардык сектордун алдында климаттын өзгөрүшү, жаңы технологияларды киргизүү, атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу сыяктуу олуттуу чакырыктар турат. Мамлекет бул көйгөйлөрдү түшүнүп, айыл чарба кызматкерлерине ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү улантат.

Мамлекеттик деңгээлде жана эл аралык аренада биздин фермерлердин кызыкчылыктарын коргоо, жаңы экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү ачуу жана алардын продукциясына адилеттүү шарттарды түзүү багытында иштер улантылат.

Бул майрам күнү айыл чарба тармагына чоң салым кошкон ардагерлерге өзгөчө ыраазычылык билдирем. Сиздердин тажрыйбаңыздар, акыл-насааттарыңыздар жана жерге болгон сүйүүңүздөр – биз үчүн чыныгы үлгү.

Ар бир фермерге, агрономго, малчыга, механизаторго, кайра иштетүүчү ишканалардын кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирем.     Сиздердин ак ниет эмгегиңиздер Кыргызстаныбыздын гүлдөп-өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салым болуп саналат.

Сиздерге чың ден соолук, талыкпаган күч-кубат, үй-бүлөлүк бакубат жашоо жана албетте, мол түшүм менен жаанчыл жана ыңгайлуу аба ырайын каалайм!

Эмгегиңиздер дайыма баркталып, сиздерге кубаныч жана молчулук алып келсин!

Майрамыңыздар менен!”.