24-октябрда Астанада күрөш боюнча дүйнө чемпионаты башталат
Новость

2026-жылдын 24-октябрынан 1-ноябрына чейин Астана шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Казакстандын борборунда өтө турган бул мелдеш жылдын эң башкы жана жооптуу спорттук окуяларынын бири болот.

Сегиз күнгө созула турган турнирде эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөнүн эң күчтүү спортчулары килемге чыгып, медалдар топтому үчүн күч сынашат. Мелдешке Кыргызстандын да улуттук курама командасы катышып, өлкө намысын коргойт.

Беттештерди УТРК СПОРТ телеканалынан түз эфирден көрө аласыздар.

Кызматташуу үчүн номер байланыш номери: 0554 45 54 44