2027-жылдын октябрында борбор калаада "Бишкек+25" Экинчи глобалдык тоо саммити өткөрүлөт
Новость

2027-жылдын октябрында Бишкек шаарында «Бишкек+25» Экинчи глобалдык тоо саммити өткөрүлөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-октябрда, Бишкек шаарында өткөн республикалык кеңешмеде билдирди.

"Ага өзгөчө маани берип, Кыргызстандын позициясын бекемдөө, өнөктөштөрдү консолидациялоо жана өлкөнүн туруктуу өнүгүү, тынчтык жана коопсуздук жаатындагы демилгелерин илгерилетүү үчүн аны ири эл аралык аянтча катары пайдалануу зарыл. Жалпысынан Коопсуздук Кеңешиндеги мүчөлүктү, «Бишкек+25» Саммитин өткөрүүнү диалогду, ишенимди жана көп тараптуу кызматташтыкты жактаган өлкө катары Кыргызстандын эл аралык туруктуу имиджин калыптандырууга пайдаланышыбыз абзел. Ошондой эле бул мүмкүнчүлүктөрдү улуттук приоритеттерибиз: биринчи кезекте, күн тартибинде турган тоо, суу жана климаттын өзгөрүшү боюнча маселелерди тынчтык жана коопсуздук боюнча глобалдык маселелерди чечүүдө олуттуу салымга айландыруу үчүн колдонуубуз зарыл. 

Урматтуу мамлекеттик органдардын жетекчилери

2030-жылдын аягына чейин бир катар максаттуу көрсөткүчтөргө жетүүнү көздөп жатабыз. Алардын негизгилери төмөнкүлөр:

1.      Макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу.

2.      Ички дүң продуктунун (ИДП) реалдуу өсүшүнүн орточо жылдык темпин 8% деңгээлинде кем эмес сактап кылуу.

3.  Чет өлкөлүк түз инвестициялардын агымынын көлөмүн жыл сайын 20%га көбөйтүү.

Ушуга байланыштуу Министрлер Кабинетине жана борбордук мамлекеттик органдарга төмөнкүлөрдү тапшырам:

1.      Жогоруда белгиленген милдеттерди ишке ашыруу боюнча тиешелүү чаралар көрүлсүн.

2.      Сот бийлигинин органдары менен биргеликте жеке менчикти коргоонун жана ишкерлерди колдоонун бирдиктүү концепциясы иштелип чыксын, анын ичинде мамлекеттик органдардын иши жарандардын жана бизнестин укуктарын коргоого багытталып кайра түзүлсүн.

3.      Экспортко багытталган сервистик-индустриалдык өнүгүү модели иштелип чыгып, сунушталсын.

4.      Ата мекендик товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү активдүү илгерилетүүгө багытталган  соода жана бажы саясаты модернизациялансын.

5.      Уруксат берүүчү документтерди алууну, инвестициялык макулдашууларды түзүүнү жана инвесторлорду коштоп жүрүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча иштер улантылсын.

6.      Өлкө ичинде түзүлүүчү кошумча наркты максималдуу көбөйтүүгө багытталган туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү чынжырчасы калыптандырылсын.

7.      Каржылоо системасы экономиканын реалдуу секторундагы долбоорлорго узак мөөнөттүү инвестиция салууга багытталып трансформациялансын.

8.      Билим берүү системасы экспортко багытталган сервистик-индустриалдык өнүгүү моделине ылайыкташтырылсын.

9.      Калктын социалдык жактан аялуу катмарларын даректүү колдоо боюнча иш улантылсын.

10.    Аймактарды күчтөндүрүүнү эске алуу менен бюджеттер аралык мамилелерди кайра карап чыгуу боюнча сунуштар киргизилсин. 

Жарыяланган чараларды ишке ашыруу мамлекеттин экономикалык дараметин чыңдап, өлкөдө масштабдуу социалдык-экономикалык өзгөрүүлөргө жетишүүгө жана ар бир үй-бүлөнүн бакубатчылыгын туруктуу жогорулатууга шарт түзөт. Бардык күч-аракеттерибизди, жоопкерчилигибизди жана жаратуучулук дараметибизди бириктиргенде гана алдыга ишенимдүү кадам таштап, күчтүү, заманбап, өнүккөн жана сыймыктана турган мамлекетти кура алабыз", - деди президент.