Көк бөрү федерациясынын 30 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын биринчилиги өтөт
Новость

Көк бөрү федерациясынын түптөлгөндүгүнүн 30 жылдык мааракесине карата көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилиги старт алат. Мелдеш 2026-жылдын 20-октябрынан 25-октябрына чейин Ош шаарындагы "Төлөйкөн" ат майданында орун алат.

Салтанаттуу мелдешке өлкөбүздүн 5 облусунан, ошондой эле Ош шаарынан командалар катышып, башкы байге үчүн күч сынашат. Биринчиликке 18 жаштан жогорку курактагы спортчулар катышат.