21-октябрда көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилигинин тайпалык баскычтагы оюндары башталат
Новость

Ош шаарындагы "Төлөйкөн" ат майданында өтүп жаткан Көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилигинин алкагында 21-октябрда кезектеги кызыктуу беттештер өтөт. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан билдиришти.

 Маалыматка караганда командалар эки тайпага бөлүнүп күч сынашат. 

А тайпасындагы командалар:
Ош шаары
Ош облусу
Талас облусу

В тайпасындагы командалар:
Баткен облусу
Ысык-Көл облусу
Чүй облусу.

Бүгүн, 21-октябрдагы оюндарды УТРК СПОРТ каналынан түз эфирде көрө аласыздар. Ош шаары жана Ош облусунун командаларынын беттеши 12:00дө башталат. Ал эми Баткен облусу жана Ысык-Көл облусунун командалары ат майданга 13:05те чыгышат.