22-октябрда көрүнүктүү опера ырчысы Кайыргүл Сартбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
Новость

Көрүнүктүү опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева менен коштошуу зыйнаты 2026-жылдын 22-октябрында саат 10:00дө А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандын улуттук маданияты жана опера искусствосу 20-октябрда орду толгус жоготууга учурады. Опера ырчысы, СССРдин эл артисти, профессор Кайыргүл Сартбаева 90 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Кайыргүл Сартбаева кыргыз опера искусствосунун өнүгүшүнө зор салым кошуп, өзүнүн кайталангыс үнү, бийик чеберчилиги жана көп жылдык чыгармачылык эмгеги менен улуттук маданияттын тарыхында өчпөс из калтырды. Анын чыгармачылык мурасы жана искусствого болгон берилгендиги элдин эсинде түбөлүк сакталат.