Бүгүн, 21-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин экономика тармактарын жана калктын 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча аткарып жаткан иштери талкууланууда.
Аталган маселе боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков баштаган тиешелүү жетекчилер маалымат беришүүдө.
Алгач энергетика министри Алтынбек Рысбеков 2026-жылдын 9 айында 11 млрд 314 млн киловатт-саат электр энергиясы өндүрүлгөнүн белгилеп, бүгүнкү күнгө карата 3 млрд 14 млн киловатт-саат электр энергиясы импорттолгонун кошумчалады.
Андан тышкары республика жалпы 3 млн 323 миң 60 тонна көмүр керектелерин маалымдады.