23-25-октябрда Кыргызстандын бир катар аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт
Новость

2026-жылдын 23-25-октябрь күндөрү түнкүсүн жана эртең менен өлкөнүн айрым аймактарында абанын температурасы кескин төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка караганда Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы -1…-3°C чейин төмөндөйт. Чүй облусунун түндүгүндө, Талас облусунун Кара-Буура районунда жана Ысык-Көл облусунун Түп районунда катуураак үшүк жүрүп, -3…-5°C чейин суук болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2°C чейин үшүк жүрүшү ыктымал.

Мындай аба ырайы жана үшүк мөмө-жемиштерге, ошондой эле талаада казылып алынып, бирок үстү жабылбай калган картошка менен кант кызылчасына чоң коркунуч туудурат. Дыйкандарга түшүмдү  үшүктөн сактоо үчүн алдын ала тийиштүү чараларды көрүү сунушталат.