Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Октябрь районундагы С. Күмүшалиева көчөсүндө жүргүзүлгөн реконструкция иштеринин жыйынтыгы менен таанышты.
Реконструкцияланган жол тилкесинин узундугу 570 метрди, ал эми унаа жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 7 метрди түзөт. Жолдун эки тарабына туурасы 1,5 метрден болгон тротуарлар курулган. Ошондой эле жолдун бир тарабына суу агызуучу лоток орнотулуп, бордюрларды орнотуу иштери толук аяктаган.
Жергиликтүү тургундар көчөнү реконструкциялоо иштери үчүн мэрге ыраазычылык билдиришти. Ошону менен бирге жол жаңылангандан кийин айдоочулар унааларын жогорку ылдамдыкта айдай баштаганын белгилешти.
Буга байланыштуу мэр Айбек Джунушалиев транспорт каражаттарынын ылдамдыгын төмөндөтүү жана тургундар менен жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында көчөгө заманбап жасалма жол дөңсөөлөрүн кыска мөөнөттө орнотууну тапшырды.
Көчмө жыйындын жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга бир катар тапшырмалар берилди.

