2027-жылдын 1-январынан тарта бардык социалдык жөлөкпулдар жана компенсациялар көбөйөт. Майыптыгы бар балдарга 11 миң сомго чейин төлөнөт
Новость

2027-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда социалдык жөлөкпулдар, пенсиялардын айрым түрлөрү, кошумча төлөмдөр жана акчалай компенсациялар көбөйөт. Төлөмдөрдүн жаңы өлчөмдөрү президент Садыр Жапаровдун жарлыгында каралган. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөлөкпулдардын көбөйүшү кимдерге тиешелүү болорун жана жарандар канча өлчөмдө төлөм ала турганын кеңири түшүндүрдү.

Эң олуттуу өзгөрүүлөрдүн бири майыптыгы бар балдарга тиешелүү. Балдардын церебралдык шал оорусу (ДЦП) менен ооруган жана 18 жашка чейинки башка майыптыгы бар балдарга берилүүчү жөлөкпул 8 миң сомдон 11 миң сомго чейин көбөйөт.

ВИЧ же СПИД менен жашаган балдарга, ошондой эле ВИЧ же СПИД менен жашаган энелерден төрөлгөн балдарга берилүүчү төлөмдөр да 11 миң сомго чейин жогорулайт. Учурда бул жөлөкпулдун өлчөмү 8 миң сомду түзөт.

Ата-энесинин экөөнөн тең ажыраган балдарга мурдагы 6 миң сомдун ордуна 8 миң сом төлөнөт. Багуучусунан айрылгандыгы үчүн берилүүчү жөлөкпул 3 миң сомдон 5 миң сомго чейин көбөйөт.

Бала кезинен бери майыптыгы бар адамдар үчүн төлөмдөр төмөнкүдөй болот:

I топ - мурдагы 8 миң сомдун ордуна 11 миң сом;
II топ - мурдагы 6,6 миң сомдун ордуна 9,6 миң сом;
III топ - мурдагы 5,4 миң сомдун ордуна 8,4 миң сом.

Жалпы оорунун кесепетинен майыптыгы бар адамдардын жөлөкпулдары да кыйла жогорулайт. I топтогу адамдар үчүн төлөм 5,5 миң сомдон 8,5 миң сомго, II топтогулар үчүн 3 миң сомдон 6 миң сомго, III топтогулар үчүн 2 миң сомдон 5 миң сомго чейин көбөйөт.

"Баатыр эне" ордени менен сыйланган энелердин пенсиясына кошулуучу үстөк акы да өзгөрөт. 1-январдан тарта анын өлчөмү беш эсеге — 1 миң сомдон 5 миң сомго чейин жогорулайт. Социалдык фонддун эсептөөлөрүнө ылайык, бул төлөмдү 30,6 миңден ашык аял алат.

55 жашка толгон, бирок пенсия алууга укугу жок «Баатыр эне» наамынын ээлери үчүн социалдык жөлөкпул 3 миң сомдон 5 миң сомго чейин көбөйөт.

Бийик тоолуу аймактарда жашаган жана пенсия алууга укугу жок улгайган жарандарга азыркы 2 миң сомдун ордуна 3 миң сом төлөнөт.

Жөлөкпулдардын жана компенсациялардын көбөйүшү Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, концлагерлердин мурдагы жашы жете элек туткундарына, Советтик Армияда кызмат өтөп жатып майыптыгы бар болуп калган адамдарга, интернационалист-жоокерлерге, Чернобыль АЭСиндеги кырсыктын кесепеттерин жоюуга катышкандарга, реабилитацияланган жарандарга, ардактуу донорлорго жана башка жеңилдиктерге укуктуу категорияларга да тиешелүү болот.

Алсак, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына берилүүчү компенсация 10 миң сомдон 11 миң сомго, согуштук аракеттерге катышкан интернационалист-жоокерлерге берилүүчү төлөм 8 миң сомдон 9 миң сомго чейин көбөйөт.

Ардактуу донорлордун төлөмдөрү эки эсеге — 1 миң сомдон 2 миң сомго чейин жогорулайт. Угуу жана көрүү жөндөмүнөн майыптыгы бар адамдарга берилүүчү ай сайынкы компенсациялар да 2 миң сомго чейин көбөйөт.

Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандар үчүн пенсиясына кошумча ай сайын 1 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөө каралган.

Ошондой эле Баткен жана Ош облустарындагы окуялардын, 2002-жылдагы Аксы окуясынын, ошондой эле 2010-жылдын апрель–июнь айларындагы окуялардын кесепетинен жабыркагандарга жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө төлөнүүчү каражаттар да көбөйтүлөт.

Мындан тышкары, 1-январдан тарта мөөнөттүү аскердик кызматтын катардагы жоокерлери жана матросторунун арасындагы майыптыгы бар аскер кызматкерлерине белгиленген минималдуу пенсия 12,3 миң сомду түзөт.

I топтогу майыптыгы бар жарандардын пенсиясы пенсиянын базалык бөлүгүн көбөйтүүнүн эсебинен 9,5 миң сомго, ал эми III топтогу майыптыгы бар жарандардын пенсиясы 5 миң сомго жеткирилет.

Жогорулатылган бардык төлөмдөр республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.