Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-октябрда, Бишкек шаарында өткөн республикалык кеңешмеде өлкөнүн алдыдагы беш жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык милдеттерин белгиледи. Мамлекеттик органдардын жана мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда өткөн иш-чарада мамлекеттик саясаттын 2030-жылдын аягына чейинки негизги артыкчылыктары аныкталды.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Мамлекеттик органдардын жана мекемелердин урматтуу жетекчилери! Бүгүн мен өлкөнүн келечеги жана алдыдагы беш жылдыкка карата социалдык-экономикалык өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары жөнүндө өз ойлорумду ортого салгым келип турат. Баарыңыздарга белгилүү болгондой, өткөн беш жылдык мамлекеттик институттарды калыбына келтирүүнүн, экономикалык өнүгүүнүн бекем пайдубалын түптөөнүн жана социалдык-маданий турмуштун бардык багыттарында масштабдуу өзгөртүүлөрдү жүргүзүүнүн жигердүү мезгили болду.
Учурда биз өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн жаңы этабына кадам таштадык. Эми алдыбызда мындан да чоң милдет турат. Атап айтканда, жетишилген өсүштү ар бир үй-бүлөнүн бакубаттуулугун арттырууга багыттоонун, Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүн узак жылдарга камсыз кылуунун жана келечек муундар үчүн күч-кубаттуу мамлекетти куруунун милдети. Светтик мамлекеттин негиздерин бекемдөө, ата-бабаларыбыздан калган руханий-адеп-ахлактык баалуулуктар, Айкөл Манастын мурасы, «Кыргыз жараны» жана «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу коомубузду бириктирген негизги баалуулуктар, негизги ураан бойдон калат. Кытай, Россия, Казакстан, Өзбекстан сыяктуу күчтүү өнөктөш өлкөлөрдүн катарында туруп, ошол эле маалда жаңы геоэкономикалык реалдуулуктарды эске алып, Кыргызстан келечекте динамикалуу өнүккөн өлкө болууга тийиш.
Биздин саясатыбыз төмөнкү принциптерге негизделет:
1. Мамлекет социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдүн стратеги жана архитектору катары иш алпарышы зарыл.
2. Элдин жана ишкерлик менен алектенген жарандардын мамлекетке ишенимин арттыруу үчүн жеке менчикти коргоо башкы эреже болушу кажет.
3. Социалдык саясаттын көңүл чордонунда ар дайым үй-бүлө жана бала турушу керек.
4. Ачык-айкын, жоопкерчиликтүү иш жүргүзүү менен салык төлөп, жумуш орундарын түзгөн ишкерлер ар тараптан коргоого алынышы зарыл.
5. Ар бир районго жумуш орундарын түзүү, өнүгүүгө мүмкүнчүлүк берүү менен, аймактардын гүлдөп-өнүгүшүн камсыз кылуу зарыл.
Эми алдыдагы беш жылда экономикалык өсүштү камсыз кыла турган негизги факторлорго, тактап айтканда, колдо болгон мүмкүнчүлүктөрүбүздү эске алуу менен өлкөбүздүн бакубаттуулугунун пайдубалы боло турган моделге токтоло кетейин. Экономикалык өсүштүн негизин экспортко багытталган сервистик-индустриалдык модель түзөт. Ал экспорттолуучу кызмат көрсөтүүлөргө жана кошумча наркы жогору турган кайра иштетүү өнөр жайынын продукциясын экспорттоого негизделет. Экспорттук мүмкүнчүлүктөрүбүздү толук пайдалануу үчүн соода жана бажы саясаты түп-тамырынан кайра каралып, жаңыланат. Ата мекендик товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тышкы рынокторго жигердүү чыгарууга, товар агымдарын тейлөөнү ыкчамдатууга жана экспорттук экосистеманы чыңдоого басым жасалат.
Ошону менен бирге, индустриалдык өнүгүүнүн жаңы этабына өтүшүбүз керек. Анын негизин технологиялык жаңылануу, чийки затты кайра иштетүү, атаандаштыкка жөндөмдүү продукциянын өндүрүшүн кеңейтүү, ишканаларды региондук жана глобалдык кошумча нарк чынжырларына интеграциялоо түзөт. Экономикалык саясат инвестициялардын жана технологиялардын тартыштыгын ырааттуу түрдө азайтууга багытталат. Бул үчүн экономиканын негизги тармактарына капиталдын агымын көбөйтүп, заманбап технологияларды өндүрүштүн бардык тармактарына киргизебиз. Биз чийки затты жөн эле иштетпестен, аны технологиялар аркылуу кайрадан иштетип, өндүрүш ишканаларын түзүү аркылуу индустриалдаштыруу саясатын жүргүзөбүз. Натыйжада түзүлгөн нарктын басымдуу бөлүгү өлкөбүздө калышы керек.
Тамак-аш, курулуш, фармацевтика, химия, жана жеңил өнөр жайы, чакан машина куруу, минералдарды, мунайды кайра иштетүү жана башка тармактарда экспортко чыгуу дараметин көрсөтө алган өндүрүштөр колдоого алынат. Айыл-чарба өндүрүшү калктын жана тамак-аш өнөр жайынын керектөөлөрүн камсыз кылуу менен гана чектелбестен, экспортко да багытталышы керек. Мисалы, биздин сүт азыктарыбыз коңшу өлкөлөрдүн дүкөн текчелеринде да турууга тийиш. Кайра иштетүүнү тереңдетүү үчүн технологиялык модернизация жүргүзгөн, технологияларды импорттогон, өндүрүмдүүлүктү жогорулаткан жана өндүрүштү локалдаштырган ишкердик субъектилерге ар тараптан колдоо көрсөтүүбүз керек.
Урматтуу мекендештер!
Буга чейин белгилеп өткөнүмдөй, туризм жана кызмат көрсөтүү тармактарынын мүмкүнчүлүгү чексиз. Ошондуктан биздин негизги максат – заманбап жана сапаттуу тейлөөнү камсыз кылуу, мыкты инфратүзүм жана саякатчылардын толук коопсуздугун камсыздоо аркылуу туризмди кирешелүү, жыл бою иштеген тармакка айландыруу. Бул багытта «Ала-Тоо Резорт», «Байтик Резорт», «Чаткал Резорт» сыяктуу бир катар долбоорлор ишке ашырылат. Ошондой эле Бишкек, Ош, Манас шаарларында жана Ысык-Көлдүн жээгинде эл аралык иш-чараларды өткөрүү аркылуу бизнес-туризми өнүктүрүлөт.
Ишкердикти жаңы баштагандарга тоо шартында чакан бизнести өркүндөтүүнү сунуштайм. Анда сапаттуу кызмат көрсөтүүгө, улуттук ашкана, ат менен сейилдөөгө жана тоо экскурсияларын уюштурууга басым жасалышы керек.
Эми кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортуна токтолоюн.
Кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорту ички рыноктун чегинен чыгып, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө кызмат көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Маалыматтык технологиялар, финансылык кызмат көрсөтүүлөр, эл аралык логистика, финтех, туризм, билим берүү жана медицина – булар биз артыкчылыктуу негизде колдой турган багыттар.
Биздин каржы, төлөм жана финтех секторлорубуз азыртан эле эл аралык сооданын өсүп жаткан көлөмүн, анын ичинде аба, темир жол жана автомобиль транспорту аркылуу жүк ташуулардын агымын тейлөөгө даяр болушу керек.
Бул максатта санариптик инфратүзүмдү өнүктүрөбүз, кадрларды даярдайбыз, квалификациялардын эл аралык деңгээлде таанылышына шарт түзүп, трансчекаралык төлөмдөрдү жөнөкөйлөтөбүз. Ошондой эле экспортту илгерилетип, кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоочулар үчүн жагымдуу салыктык-жөнгө салуу режимин түзөбүз.
«Тамчы» СФИТи өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Ал жөн гана инвестициялык аймак эмес, эл аралык капиталды, заманбап каржылык технологияларды жана инвестициялык долбоорлорду бириктирген жаңы финансылык борбор болот.
Өткөн беш жыл аралыгында өлкөбүздүн бизнес чөйрөсү жана инвестициялык климаты бир топ эле жакшы жагына өзгөрдү. Ички жана тышкы инвесторлор региондук ири долбоорлорду ишке ашырууда мамлекетти узак мөөнөттүү, ишенимдүү өнөктөш катары көрө баштады. Биз бизнес менен биргеликте жеке менчикти жана инвесторлордун мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо механизмдерин күчөтүүнү улантабыз.
Бирок жагымдуу инвестициялык климатты аткаруу бийлиги жалгыз өзү түзө албайт. Инвестор талаш-тартыш жаралган учурда өз укугун сотко чейин да, сот аркылуу да ишенимдүү коргой аларына көзү жетиши керек. Ошондуктан бул – аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийлигинин биргелешкен жоопкерчилиги!
Алдыдагы беш жылда технологияларды тартуу, жаңы көндүм, жаңы тажрыйбаларга ээ болуу жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу менен катар, инвестициянын санына эмес, сапатына басым жасалат.
Ачыгын айтайын, Кыргызстанга инвестиция салууга кызыккандар абдан көп. Бирок биз ар бир сунушту тыкыр талдап, аларга прагматикалык мамиле жасап, мамлекет үчүн да, инвестор үчүн да пайдалуу кызматташууга барышыбыз керек.
Уруксат берүүчү документтерди алууну, инвестициялык келишимдерди түзүүнүн жол-жоболорун жана инвесторлорду коштоону мындан ары да жөнөкөйлөтүүнү улантабыз. Биздин милдет – инвесторлорду тартуу менен чектелбей, алар ишке ашырып жаткан долбоордун ийгиликтүү иштеп кетишине, жаңы жумуш орундарына, өндүрүшкө жана экономиканын узак мөөнөттүү өнүгүүсүнө айланарына зарыл шарттарды түзүү. Бюрократия кылып, аркаңардан ээрчитпестен, эгерде реалдуу инвестор болсо, силер алардын аркасынан чуркашыңар керек. Ошондуктан инвесторлорду туура мамиле менен коштоп жүрүү – инвестициялык саясаттын эң маанилүү бөлүгү.
Сервистик-индустриалдык моделди ишке ашыруу жеке сектордун күчүнө түздөн-түз көз каранды. Дал ушул күчтүү жеке сектор массалык орто классты калыптандыруунун бекем пайдубалын түзөт.
Бул үчүн экономикалык саясат үч негизги деңгээлге басым жасайт:
– экспортко багытталган кызмат көрсөтүүлөрдү жана жогорку технологиялуу товарларды өндүрүүчүлөргө (чакан, орто жана ири бизнес) түздөн-түз колдоо көрсөтүү;
– Экспорттоочу ишканалардын ишмердигин камсыз кылган жана колдогон бизнести стимулдаштыруу;
– ички суроо-талапты тейлеген экономиканын калган тармактары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.
Дал ушул үч багыттын айкалышы эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатып, кирешелердин өсүшүн жана анын натыйжасында орто класстын динамикалуу өнүгүшүн камсыз кылат. Ишкерликти өнүктүрүүнүн ар бир этабы колдоого алынат, ал бизнестин ырааттуу өсүшүнө өбөлгө болот. Бизнестин ар бир өсүү баскычына колдоо инструменттеринин өзүнчө топтому сунушталат: жөнөкөйлөштүрүлгөн жөнгө салуу, кепилдиктер, лизинг, каржылоого, технологияларга жана рынокторго жеткиликтүүлүк. Мунун натыйжасында туруктуу иштеген ишканалардын кеңири катмары расмий жана жогорку маяналуу жумуш орундарын түзөт.
Биз бизнес кызыкчылыктарын эске алууга жана салыктык башкарууну жөнөкөйлөтүүгө багытталган тең салмактуу салык саясатын жүргүзөбүз. Санарип чечимдерди киргизүү аркылуу ишкерлер менен салык органдарынын түздөн-түз байланышын жоёбуз. Реинвестицияланган пайда үчүн, ошондой эле кошумча наркы жогору жана технологиялык терең кайра иштетүүгө негизделген продукцияларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган ишканалар үчүн салык салуу эрежелерин жеңилдетебиз. Экономиканын реалдуу секторун узак мөөнөттүү каржылоо – менин негизги милдеттеримдин бири. Мындан ары мамлекеттик банктардын жана эки тараптуу өнүктүрүү фонддорунун натыйжалуулугу ишке киргизилген долбоорлордун саны, тартылган инвестициялардын көлөмү жана түзүлгөн жумуш орундары менен өлчөнөт.
Мен күрөө коюу талабына негизделген насыялоодон долбоорлордун турмушка ашуу жөндөмдүүлүгүнө, келечекте алардын киреше берүүсүнө негизделген инвестициялоого өтүүнү демилгелейм. Бизнести каржылоонун инвестициялык ыкмасы, анын ичинде фондулук рынок аркылуу каржылоо мамлекеттик банктар жана эки тараптуу өнүктүрүү фонддору үчүн артыкчылыктуу багыт болот. Бул максатта бизнес секторунун өкүлдөрү менен биргеликте банктык жөнгө салуу, фондулук рынок жана инвестициялар чөйрөсүндөгү мыйзамдар өркүндөтүлөт. Өлкөдө эл аралык капитал рынокторунан каржы тартуу үчүн ийкемдүү шарттар түзүлөт.
Бүгүнкү күндө мамлекеттик компаниялардын алдында стратегиялык милдет турат. Алар башкаруунун натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулукту жогорулатып гана тим болбостон, чет элдик инвесторлордун ишенимин жаратып, узак мөөнөттүү долбоорлорго акча салгыдай "күчтүү жана ишенимдүү компания" деген аброй күтүшү керек. Капиталдын эл аралык рыногуна чыгуу, анын ичинде еврооблигацияларды чыгаруу алар үчүн туруктуу өнүгүү куралы болуп, инвесторлордун ишенимин арттырып, бүтүндөй улуттук экономиканын өсүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачышы зарыл.
Муну менен катар каржылоонун жаңы инструменттери өнүктүрүлөт. Алардын бири – мамлекеттик-жеке өнөктөштүк. Бул багытта жаңы ыкмаларды жана моделдерди өркүндөтүү да талап кылынат. Бизнестин, айрыкча ири бизнес өкүлдөрүнүн көңүлүн саламаттык сактоо жана билим берүү инфратүзүмүн өнүктүрүүгө бургум келет. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу жаңы жогорку окуу жайларды, мектептерди, клиникаларды жана башка объектилерди куруу үчүн, биринчи кезекте, ата мекендик инвесторлорго тиешелүү шарттар түзүлөт. Мамлекетке болгон ишеним – мыйзамдын күчүнө жана сот адилеттигине болгон ишенимден башталат. Мен аймактарды кыдырып жүрүп, карапайым эл менен жолугушууларда негизги көйгөйдү байкай алдым. Коомчулукта “адилеттүүлүк жок” деген нааразы маанай калыптана баштагандай. Демек, сот адилеттигинде көйгөй бар. Биз аларды тез аранын ичинде жоюшубуз зарыл. Мыйзам алдында эч ким күчтүү да, алсыз да болбошу керек. Мыйзам алдында баары тең болот! Көз карандысыз, эч кимге жана эч нерсеге сатылбаган, кесипкөй сот ушул теңдиктин анык кепилдиги болушу керек.
Сот сөзсүз түрдө жеке менчиктин кол тийбестигин, инвестициялардын коопсуздугун, ар бир жарандын укуктарын коргоп, мыйзам үстөмдүгүн камсыздоого тийиш. Биз сот адилеттигине саясий, административдик же башка мыйзамсыз кийлигишүүгө каршы катаал институционалдык тосмолорду түзөбүз. Сот корпусунда жоопкерчиликтин сөзсүз болушунун катаал принциби иштейт. Коррупцияга, кызыкчылыктардын кагылышына, кызматтык ыйгарым укуктарды кыянаттык менен пайдаланууга жана судьялык этиканын бузууга токтоосуз жана аёосуз чаралар көрүлөт. Соттордун абсолюттук ачык-айкындуулугуна өзгөчө көңүл бурулат. Жаран соттук чечим кандай кабыл алынып жаткандыгын так билиши зарыл. Ал өз ишинин жүрүшү тууралуу маалыматты ээн-эркин алууга укуктуу жана соттун чечими бир гана мыйзамга негизделип чыгарыларына ишенгендей болушу керек.
Биз укук коргоо механизмдерин түп-тамырынан бери жаңылап жатабыз. Электрондук сот өндүрүшү, процесстерге аралыктан катышуу, сот отурумдарын онлайн-трансляциялоо жана талаштарды сотко чейин жөнгө салуу сыяктуу заманбап инструменттердин бардыгы ар бир адам үчүн жеткиликтүү болот.
Сот адилеттиги өз убагында ишке ашырылып, сот чечими аткарылган учурда гана баалуулукка ээ болот. Жылдап аткарылбаган сот чечими адилеттүүлүктү тебелөө болуп эсептелет, бул бийликти дискредитациялоо жана жаманатты кылуу болуп саналат. Биздин эң маанилүү милдетибиз – бюрократиялык создуктурууларды жоюу жана сот актыларынын аткарылышынын натыйжалуулугун арттыруу! Жаран өз укуктарынын корголоруна бекем ишенүүгө тийиш. Ишкер – өз менчигинин жана инвестицияларынын кол тийбестигине ишениши керек. Мамлекеттик орган – мыйзам алдында жооп берерин унутпашы зарыл.
Дал ушундай тең салмактуулук аркылуу соттун кадыр-баркы калыптанат. Ал эми сотко болгон ишеним аркылуу мамлекетке болгон ишеним күчөйт! Ак ниет ишкер – мамлекетти жана укук коргоо органдарын негизсиз кысым көрсөткөн душман катары эмес, өзүнүн мыйзамдуу укугун коргогон жардамчы күч катары көрүшү керек. Укук коргоо органдары жеке менчикти жана мыйзамдуу ишкердикти коргогон негизги институттардын бири болууга тийиш. Бул – биздин принципиалдуу позициябыз!
Чарбалык ишмердүүлүккө негизсиз кийлигишүүгө, бизнес үчүн жасалма тоскоолдуктарды түзүүгө, ишкерлерге мыйзамсыз басым көрсөтүүгө жол берилбеши зарыл. Ушуга байланыштуу, жеке менчикти коргоонун жана ишкердикти колдоонун бирдиктүү концепциясы иштелип чыгат.Ошол эле учурда укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн баалоо ыкмалары өркүндөтүлөт. Ишкерлердин мыйзамдуу укуктарын коргоонун натыйжалуулугу, бизнестин ишмердүүлүгүнө негизсиз кийлигишүүнү алдын алуу жана бузулган укуктарды ыкчам калыбына келтирүү алардын ишинин маанилүү критерийлери болууга тийиш.
Бул иштин жыйынтыктары менин катышуумда дал ушул позициялардан каралып чыгат.
Мамлекет менен бизнестин өз ара кызматташуусунун философиясын да өзгөртүү зарыл. Укук коргоо жана башка мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардын милдети – буга чейин жасалган мыйзам бузууга чара көрүү гана эмес, алдын алуу үчүн шарттарды түзүү.
Бул кадам ак иштеген субъекттер менен өз ара аракеттенүүдө негизинен көзөмөл жүргүзүүгө багытталган моделден укук бузууларды алдын алууга жана кызмат көрсөтүүгө багытталган моделге ырааттуу өтүүнү билдирет. Ошол эле учурда, ишкердик эркиндиги жоопкерчиликтен бошотуу дегенди билдирбейт.
Бизнес өз кезегинде мыйзамдын, коомдун жана мамлекеттин алдында жоопкерчиликтүү иш алып барууга: товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга, татыктуу эмгек шарттарын түзүүгө, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга жана салык милдеттенмелерин ак ниет аткарууга милдеттүү.
Салык төлөөдөн атайылап качуу – бул мамлекеттик бюджетке гана келтирилген зыян эмес, акыр-аягы бүткүл коомдун жана келечек муундардын кызыкчылыктарына келтирилген зыян.
Ошол эле учурда мамлекет да салык төлөөчүнүн алдында мүмкүн болушунча ачык болууга тийиш. Жөнөкөй жаран жана бизнес өкүлү бюджет кандай түзүлөрүн жана алар төлөгөн салыктар кандай максаттарга багытталарын билиши керек.
Мамлекеттик органдардын урматтуу жетекчилери!
Белгилүү бир саясатчынын: «Начар мыйзамдар жана жакшы чиновниктер менен өлкөнү башкарууга болот. Бирок чиновниктер начар болсо, анда өлкөнү башкарууга мыкты мыйзамдар да жардам бере албайт» деген учкул сөзү бар. Демек, күчтүү мамлекет кесипкөй мамлекеттик аппаратка таянат. Биз жүргүзүп жаткан реформалар мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кирүүдө, карьералык өсүүдө жана жетекчилик кызматтарды ээлөөдө, эң оболу, кесипкөйлүгүнө, ишинин натыйжаларына жана репутациясына маани берүүгө багытталган. Кадрларды тандоо жана кызматтык жактан илгерилетүү системасын өркүндөтүүнүн, кызматкерлердин кесиптик компетенцияларын жана ишинин натыйжаларын баалоонун заманбап механизмдерин киргизүү зарыл.
Жаңы муундагы жетекчилерди жоопкерчиликтүү чечимдерди кабыл алууга, өзгөрүүлөрдү башкарууга, заманбап технологиялар менен иштөөгө жана жеке жоопкерчиликти моюнга алууга жөндөмдүү адис кылып даярдоого өзгөчө көңүл бурулат.
Министрликтердин жана ведомстволордун, региондордун жана мамлекеттик ишканалардын ишбилги жетекчилерин даярдоо үчүн кадрларды таптоонун атайын программасы иштелип чыгат. Жетекчилик кызматтарга тандалган талапкерлер негизги жумушунан убактылуу бошотулуп, Мамлекеттик башкаруу академиясынын базасында милдеттүү түрдөгү кыска мөөнөттүү даярдоо курстарынан өтүшөт.
Эң күчтүү кадрларга чет өлкөлөрдөн мамлекеттик башкаруу жаатында стажировкадан өтүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Аларды тандоо кесиптик жетишкендиктерине, башкаруучулук дараметине, ишкердик аброюна жана чет тилдерди билүүсүнө жараша жүргүзүлөт.
Окутуу формалдуу эмес, реалдуу башкаруучулук ишке даярдоонун инструменти болууга тийиш. Ошондуктан биз Мамлекеттик башкаруу академиясын модернизациялоону улантып, кызматкерлердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү боюнча Улуттук борбор катары ролун жогорулатабыз. Билим берүү программалары заманбап талаптарды, мамлекеттин практикалык муктаждыктарын жана алдыңкы эл аралык тажрыйбаларды эске алуу менен сапаттык жактан кайра каралат. Биз мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадыр-баркын жогорулатып, татыктуу эмгек акы төлөөнү камсыз кылабыз. Ошол эле учурда кызматкерлердин натыйжалуулугуна, тартибине жана жоопкерчилигине карата талаптар күчөтүлөт.
Азыр дүйнө жүзү жаңы технологиялык доорго кадам таштап жаткан мезгил. Жасалма интеллект, маалыматтар жана санариптик технологиялар азыртадан эле экономиканы, мамлекеттик башкарууну жана адамдардын күнүмдүк жашоосун өзгөртүүдө. Биз жакынкы беш жылда сапаттуу технологиялык секирик жасап, заманбап санариптик мамлекетти курууга тийишпиз. Жасалма интеллект өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги инструменттеринин бири болот. Биз аны мамлекеттик башкарууга, саламаттык сактоого, билим берүүгө, экономикага, айыл чарбасына, транспортко жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууга киргизебиз. Мамлекет отчеттордун негизиндеги башкаруудан реалдуу маалыматтардын негизиндеги башкарууга, көйгөйлөр жаралып, ага кечигип чара көрүүдөн аларды алдын ала болжолдоого жана алдын алууга өтүшү керек.
Бирок санарип мамлекет, биринчи кезекте, коопсуз болууга тийиш!
Биз киберкоопсуздук системасын, мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, маанилүү инфратүзүмдү жана жарандардын жеке маалыматтарын коргоону кыйла күчөтөбүз. Технологиялык компетенцияны өнүктүрүү өзүнчө артыкчылыктуу багыт болот. Бизге өзүбүздүн программисттер, инженерлер, жасалма интеллект, маалыматтар, киберкоопсуздук боюнча өз адистерибиз керек. Мындай кадрларды өлкө ичинде даярдап, жаш адистерди, ата мекендик IT-компанияларды жана өзүбүздүн ойлоп табууларыбызды колдойбуз.
Мамлекет ата мекендик санариптик чечимдердин негизги заказчыларынын бири болушу керек. Ошол эле учурда биз эл аралык технологиялык компанияларды, инвестицияларды жана алдыңкы технологияларды өлкөгө тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөбүз.
Кымбаттуу мекендештер!
Элибизде «Ааламга жол айылдан башталат» деген накыл сөз бар. Демек, аймактардын өнүгүүсү – бул өлкөнүн өнүгүүсү. Биз ишибизди аймактык пландаштыруу жана калкты жайгаштыруу системасынан баштайбыз. Аймактарды өнүктүрүү деңгээлин теңдештирүү, бюджеттер аралык мамилелерди өркүндөтүү, жаңыдан түзүлгөн административдик-аймактык бирдиктердин ресурстук базасын кеңейтүү жана өнүгүүнүн негизги таяныч борборлору катары шаарларды өнүктүрүү боюнча иштер улантылат.
Манас шаарына өлкөнүн экинчи экономикалык борбору катары өзгөчө макам беребиз. Ал өлкөнүн түштүгүндөгү негизги транспорттук-логистикалык хабга жана ишкердик борборго айланат. Эң негизгиси, аймактарда инвестиция салуу жана бизнес жүргүзүү шарттары канчалык оор болсо, мамлекеттин колдоосу ошончолук күчтүү болот. Бирок бул колдоо конкреттүү экономикалык натыйжа берүүгө тийиш. 2050-жылга чейин Кыргыз Республикасынын жерди сарамжалдуу пайдалануу жана аймактарды өнүктүрүү концепциясында каралган узак мөөнөттүү мамлекеттик саясат зарыл.
Анын багыттарынын бири – сейсмикалык, инженердик жана жаратылыш шарттары мүмкүндүк берген жерлерде компакттуу калктуу конуштарды жана вертикалдуу курулуштарды өнүктүрүү! Турак жай курулушу турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жана адамдардын коопсуздугун эске алып, коммуналдык, транспорттук жана социалдык инфратүзүм менен коштолушу керек. Мындай мамиле кемип бараткан жер ресурстарын кыйла сарамжалдуу пайдаланууга, түшүмдүү жана сугат жерлерди айыл чарба өндүрүшү үчүн сактап калууга, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга жана суу башаттарын коргоого мүмкүндүк берет. Калктуу жаңы конуштарды жайгаштыруу жана калыптанып калган калктуу конуштарды кеңейтүү жөнүндө чечимдер жерлерди, суу менен камсыз болуу деңгээлин жана жаратылыш тобокелдиктерин комплекстүү баалоонун негизинде кабыл алынууга тийиш.
Ар бирибиз үчүн эң кымбат жана эң маанилүү маселе – бул үй-бүлө жана бала. Үй-бүлө мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот. Ал эми үй-бүлөнүн бакубаттуулугу мамлекеттин ийгилигин аныктаган башкы көрсөткүчтөрдүн бирине айланат. Биз үй-бүлө институтун бекемдеп, улуттук руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарыбызды сактайбыз. Ар бир бала коопсуз жана бакубат чөйрөдө чоңоюп жетилиши керек. Ал эми ар бир үй-бүлө эртеңки күнүнө ишенимдүү карашы зарыл. Үй-бүлөгө жана балага, анын ичинде социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү үй-бүлөнүн социалдык паспортунун негизинде жүргүзүлөт. Анын алкагында салыктык чегерүүлөр, турак жай-коммуналдык кызматтардын тарифтерине байланыштуу даректүү жардамдар, жөлөкпулдар, ошондой эле балдарды мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкаркы ийримдер менен секцияларга тартуу каралат. Улуттук программанын негизинде 2050-жылга чейин адамдык потенциалды өнүктүрүүнүн бирдиктүү системасы түзүлөт. Анын негизги принциби – бүтүндөй мамлекеттик аппараттын адам үчүн иштөөсү. Адамдын жашоо-турмушунун бардык этаптарында: бала төрөлгөндөн тартып, билим алып кесипке ээ болгондо, үй-бүлө курганда, андан ары татыктуу карылыкка жеткенде да өз убагындагы колдоо камсыздалууга тийиш.
Мен бүгүн, биринчи кезекте, өсүп келе жаткан муунга, студенттерге, алардын ата-энелерине, аспиранттарга жана окумуштууларга кайрыла кетейин. Биз ар бир адамга мектепке чейин да, мектепте жана кесиптик окуу жайларында да сапаттуу билим берүүгө тийишпиз. Билимдүү калк өлкөнүн бакубаттуулугунун жана өнүгүүсүнүн негизги ресурсу болуп кала берет. Мен билим берүүнүн жана илимдин бүгүнкүсү менен эртеңки келечегин кандай көрөм?
Биринчиден, жогорку окуу жайларда фундаменталдык, колдонмо, кибернетикалык, инженердик-техникалык багыттар боюнча адистерди даярдоого басым жасалат. Булар – өз кезегинде мектептерде билим берүүгө коюлган талаптар. Мындай мектептерде STEM багытындагы билим берүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Экинчиден, биздин студенттер эл аралык деңгээлдеги жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Биз дүйнөнүн алдыңкы университеттери менен биргелешкен кош диплом программаларын өнүктүрүп, ошондой эле Кыргызстанга таанымал эл аралык университеттердин филиалдарын ачуу үчүн шарттарды түзөбүз. Өлкө экономикасы үчүн талап кылынган кадрларды даярдоо системасынын ажырагыс бөлүгү – кесиптик билим берүүгө өзүнчө токтолуп кетейин. Билим берүү программалары эмгек рыногунун реалдуу керектөөлөрүн жана тармактарды өнүктүрүүнүн келечегин эске алуу менен түзүлүшү шарт. Ошондуктан окутуу программалары практикалык даярдыкка, заманбап технологияларга жана конкреттүү кесиптик көндүмдөргө басым жасалып, тармактык ассоциациялар жана иш берүүчүлөр менен биргеликте иштелип чыгып, актуалдаштырылат.
Бул жерде бизге ата мекендик да, чет өлкөлүк да жогорку квалификациялуу академиялык адистер керек болот. Биз андай адистерди Кыргызстанга тартууга, алардын иштөөсү үчүн жумуш орундарын түзүүгө, мамлекеттик заказдарды берүүгө, илимий изилдөөлөрдү каржылоого жана турак-жай менен камсыз кылуу жаатында зарыл шарттарды түзүүгө даярбыз. Билим алууга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү максатында жакын арада «Студенттик насыя» аттуу узак мөөнөттүү ыкманы ишке киргизебиз.
Биз жакынкы беш жылда маданият тармагын өнүктүрүүгө жаңы дем берип, бардык аймактарды камтыйбыз. 2030-жылга чейин көп функционалдуу 30 «Маданий Ордо» борборун жана 30 заманбап музыкалык мектепти куруу мерчемделүүдө. Жыл сайын кеминде 50 маданият мекемеси капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, заманбап жабдуулар менен камсыздалат.
Жаштарды маданий жактан тарбиялоого өзгөчө көңүл бурулат. «Келечек» программасынын алкагында мектеп окуучулары жана студенттер театрларга, музейлерге жана китепканаларга үзгүлтүксүз баруу үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүк алышат. Биз өз тарыхын билген, эне тилинде эркин сүйлөгөн, улуттук маданиятын жана баалуулуктарын урматтаган, ошол эле учурда дүйнөлүк маданияттан толук кабардар болгон муунду тарбиялоого милдеттүүбүз.
Кыргыз тилиндеги контентти кеңейтебиз, кыргыз адабияты менен дүйнөлүк адабияттагы белгилүү чыгармаларды басып чыгарабыз, кино жана аудиовизуалдык продукцияларды которууну, ошондой эле «Санарип Мурас» платформасы аркылуу маданий мурастарды санариптештирүүнү өнүктүрөбүз. Маданият улуттук иденттүүлүктү жана муундар ортосундагы байланышты бекемдеген мамлекеттик саясаттын эң маанилүү багыттарынын бири бойдон калат.
Жакынкы беш жылда массалык спортту өнүктүрүүнү, спорттук резервге жана спорт жаатында жогорку жетишкендиктерге даярдоону камсыз кыла турган заманбап жана жеткиликтүү спорттук инфратүзүмдү жаратуу зарыл. Спорт шаарчасын курууга, аймактарда спорт объектилерин модернизациялоого, ошондой эле спорттун улуттук, олимпиадалык, олимпиадалык эмес түрлөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
«Ала-Тоо Резорттун» курулушун эске алуу менен кышкы спорт түрлөрүн өнүктүрүү, ошондой эле спорттук медицинанын жана реабилитациянын заманбап системасын калыптандыруу өзүнчө артыкчылыктуу багыт болот. Машыктыруучулардын жана адистердин квалификациясын ырааттуу жогорулатып, олимпиадалык резервди даярдоону өркүндөтүп, бардык курактагы адамдардын спорт менен машыгуусуна шарт түзөбүз. Биз саламаттык сактоо системасын олуттуу түрдө чыңдап, жарандардын жашаган жерине карабастан медициналык жардам алуусун камсыз кылабыз.
Медициналык кызматтын сапаты эл аралык стандарттарга ылайык жогорулайт. Тармакка инновациялар жана санариптик технологиялар кеңири киргизилет. Натыйжада, оорулардын баштапкы профилактикасына жана аларды эрте аныктоого, кадрдык потенциалды чыңдоого жана системанын инфратүзүмүн күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
Медициналык тез жардам кызматы өлкөнүн бардык аймактарында ыкчам жана үзгүлтүксүз иштеши керек. Ооруканалар заманбап медициналык жабдуулар, ал эми саламаттык сактоо мекемелери жогорку квалификациялуу дарыгерлер жана медициналык кадрлар менен камсыз болушу керек. Жаштардын келечегин бүгүнтөн ойлошубуз зарыл. Болочоктогу улуу муундун татыктуу жашоосуна бүгүнтөн тарта кам көрүлүшү керек. Ошондуктан узак мөөнөттүү пенсиялык пландаштыруу маданиятын калыптандыруу кажет.
Пенсиялык система демографиялык жана социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдү эске алып, этап-этабы менен өркүндөтүлөт. Ар бир жаранга "пенсиялык топтолмо" компоненти аркылуу өзүн пенсия менен камсыз кылууга катышууга шарт түзүлөт. Мунун натыйжасында жалпы пенсиялык камсыздоонун деңгээли жогорулайт. Ал эми камсыздандыруу пенсиясын дайындоого жетиштүү шарты жок жарандарга мамлекет социалдык жөлөкпул түрүндө колдоо көрсөтөт.
Пенсиялык топтомдор – пенсияга чыккандан кийин да кошумча киреше алып турууга мүмкүнчүлүк берген узак мөөнөттүү актив. Аны өнүктүрүү улгайган адамдардын каржылык жактан корголушун чыңдап гана тим болбостон, жаш муундун да пенсиялык системага активдүү катышуусуна түрткү берет.
Пенсиялык топтомдорду натыйжалуу башкаруу, алардын сакталышын камсыз кылуу жана каражаттарды сарамжалдуу инвестициялоо топтолгон каражаттын наркын өстүрүүгө жана ар бир жарандын пенсиялык укугун бекемдөөгө кызмат кылат.
Кымбаттуу мекендештер!
Географиялык жактан обочо жайгашкан аймактарыбызда жол каттамы барган сайын жакшырууда. Аймактар арасында адамдардын каттоосун, жүктөрдүн ташылуусун камсыз кыла турган өлкөнүн экономикалык жана аймактык бүтүндүгүнүн негизги шарты бирдиктүү транспорттук аймак болуп саналат. Транспорт тармагыбыз эл аралык коридорлор жана башка мамлекеттердин рыноктору менен интеграцияланып, өлкөбүздү толук кандуу региондук хабга айлантат. Бул максатта «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолу боюнча долбоорлор толук ишке ашырылат. Балыкчы шаары «Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата» жана «Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал» багыттарынын темир жол түйүнүнө айланат. Ал эми «Макмал» станциясы ички жана эл аралык каттамдарды байланыштырган негизги түйүн болот. Биз калкты жана бизнести ишенимдүү жана сапаттуу коммуналдык инфратүзүм менен камсыз кылабыз. Эскирген тармактарды модернизациялоону аяктоо, тазалоочу курулмаларды куруу жана бардык калктуу конуштарда инженердик инфратүзүмдү кеңейтүү – булар артыкчылыктуу багыттарыбыз болот. Мен президенттик кызматка киришкен алгачкы күндөрүмдөн тартып өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу негизги маселелердин бири болуп келет. Жакынкы мезгилде энергетикалык тартыштыкты жоюуга жетишебиз.
Иш эки негизги багытта жүргүзүлөт:
– Электр тармактарын жана инфратүзүмдү модернизациялоо, генерациялоочу кубаттуулуктарды жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын көбөйтүү. Бул багытта “Камбар-Ата-1” ГЭСи, «Кара-Кече» ЖЭБи, чакан жана орто ГЭСтер сыяктуу долбоорлор ишке ашырылат;
– мунайзаттарын сырттан алып келүүнүн (импорт) туруктуулугун камсыз кылуу жана күйүүчү-майлоочу материалдарды өзүбүздө өндүрүүнү түзүүгө бардык күчүбүздү жумшайбыз.
Геоэкономикалык чыңалуунун шарттарында биздин башкы максат – өлкөнүн тышкы тобокелдиктерге көз карандылыгын мүмкүн болушунча басаңдатып, энергия жана отун менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу кепилдигин жаратуу. Өзүңүздөр билгендей, жакында Бишкек шаарында өлкөбүздүн тышкы саясаты жана эл аралык аброю үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон бир катар маанилүү иш-чаралар өттү.
Тактап айтканда, 2026-жылы Ысык-Көл форуму, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын 25-юбилейлик Саммити жана ШКУ+ жогорку деңгээлдеги жолугушуусу өткөрүлүп, ошондой эле бир катар мамлекет башчыларынын Кыргыз Республикасына сапарлары ийгиликтүү уюштурулду. Ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Бул ири иш-чаралар Кыргызстандын эл аралык репутациясын бекемдеп, саясий диалогду кеңейтти жана транспорттук, логистикалык, ошондой эле соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү арттырды. Азыркы учурда негизги милдет – Бишкекте жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, инвестицияларды жана жаңы долбоорлорду тартуу, транспорттук коридорлорду кеңейтүү жана алардын натыйжаларын өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, ошондой эле туристтик агымды көбөйтүүгө багыттоо.
Мындан тышкары, Кыргызстандын 2027–2028-жылдары Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине убактылуу мүчөлүгү мезгилиндеги негизги милдеттери – өлкөнү эл аралык мамилелердин жоопкерчиликтүү жана конструктивдүү катышуучусу катары татыктуу көрсөтүү, Кыргызстандын аброюн бекемдөө жана анын эл аралык аренадагы укуктарын, мүмкүнчүлүктөрүн жана өз алдынчалуулугун жогорулатуу. Мындан сырткары Борбор Азиянын кызыкчылыктары менен приоритеттерин илгерилетүү, превентивдүү дипломатияны жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүнү өнүктүрүү, ошондой эле суу жана климаттык коопсуздук, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жана тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо маселелерин активдүү илгерилетүүгө тийишпиз.
2027-жылдын октябрында Бишкек шаарында «Бишкек+25» Экинчи глобалдык тоо саммити өткөрүлөт. Ага өзгөчө маани берип, Кыргызстандын позициясын бекемдөө, өнөктөштөрдү консолидациялоо жана өлкөнүн туруктуу өнүгүү, тынчтык жана коопсуздук жаатындагы демилгелерин илгерилетүү үчүн аны ири эл аралык аянтча катары пайдалануу зарыл.
Жалпысынан Коопсуздук Кеңешиндеги мүчөлүктү, «Бишкек+25» Саммитин өткөрүүнү диалогду, ишенимди жана көп тараптуу кызматташтыкты жактаган өлкө катары Кыргызстандын эл аралык туруктуу имиджин калыптандырууга пайдаланышыбыз абзел. Ошондой эле бул мүмкүнчүлүктөрдү улуттук приоритеттерибиз: биринчи кезекте, күн тартибинде турган тоо, суу жана климаттын өзгөрүшү боюнча маселелерди тынчтык жана коопсуздук боюнча глобалдык маселелерди чечүүдө олуттуу салымга айландыруу үчүн колдонуубуз зарыл.
Урматтуу мамлекеттик органдардын жетекчилери
2030-жылдын аягына чейин бир катар максаттуу көрсөткүчтөргө жетүүнү көздөп жатабыз. Алардын негизгилери төмөнкүлөр:
1. Макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу.
2. Ички дүң продуктунун (ИДП) реалдуу өсүшүнүн орточо жылдык темпин 8% деңгээлинде кем эмес сактап кылуу.
3. Чет өлкөлүк түз инвестициялардын агымынын көлөмүн жыл сайын 20%га көбөйтүү.
Ушуга байланыштуу Министрлер Кабинетине жана борбордук мамлекеттик органдарга төмөнкүлөрдү тапшырам:
1. Жогоруда белгиленген милдеттерди ишке ашыруу боюнча тиешелүү чаралар көрүлсүн.
2. Сот бийлигинин органдары менен биргеликте жеке менчикти коргоонун жана ишкерлерди колдоонун бирдиктүү концепциясы иштелип чыксын, анын ичинде мамлекеттик органдардын иши жарандардын жана бизнестин укуктарын коргоого багытталып кайра түзүлсүн.
3. Экспортко багытталган сервистик-индустриалдык өнүгүү модели иштелип чыгып, сунушталсын.
4. Ата мекендик товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү активдүү илгерилетүүгө багытталган соода жана бажы саясаты модернизациялансын.
5. Уруксат берүүчү документтерди алууну, инвестициялык макулдашууларды түзүүнү жана инвесторлорду коштоп жүрүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча иштер улантылсын.
6. Өлкө ичинде түзүлүүчү кошумча наркты максималдуу көбөйтүүгө багытталган туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү чынжырчасы калыптандырылсын.
7. Каржылоо системасы экономиканын реалдуу секторундагы долбоорлорго узак мөөнөттүү инвестиция салууга багытталып трансформациялансын.
8. Билим берүү системасы экспортко багытталган сервистик-индустриалдык өнүгүү моделине ылайыкташтырылсын.
9. Калктын социалдык жактан аялуу катмарларын даректүү колдоо боюнча иш улантылсын.
10. Аймактарды күчтөндүрүүнү эске алуу менен бюджеттер аралык мамилелерди кайра карап чыгуу боюнча сунуштар киргизилсин.
Жарыяланган чараларды ишке ашыруу мамлекеттин экономикалык дараметин чыңдап, өлкөдө масштабдуу социалдык-экономикалык өзгөрүүлөргө жетишүүгө жана ар бир үй-бүлөнүн бакубатчылыгын туруктуу жогорулатууга шарт түзөт.
Бардык күч-аракеттерибизди, жоопкерчилигибизди жана жаратуучулук дараметибизди бириктиргенде гана алдыга ишенимдүү кадам таштап, күчтүү, заманбап, өнүккөн жана сыймыктана турган мамлекетти кура алабыз.
Көңүл бурганыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем!”