Кыргызстанда балдар онкологиясын каржылоо 200 эсеге өстү
Новость

Кыргызстанда балдар онкологиясын каржылоо 200 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Самарканд шаарында өткөн Балдар онкологиясы боюнча II эл аралык конгрессте билдирди.

Айгүл Жапарова өз сөзүндө Бишкек жана Ош шаарларында онкологиялык ооруларга чалдыккан балдарды дарылоо мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, заманбап диагностикалык ыкмалар өнүгүп жатканын белгиледи. Ошондой эле 2024-жылы Кыргызстанда биринчи жолу жилик чучугун трансплантациялоо операциясы жасалганын айтты.

Биринчи айым дүйнө жүзүндө балдардын онкологиялык оорулардан айыгуу мүмкүнчүлүгү өлкөлөрдүн экономикалык абалына жараша айырмаланып жатканын белгиледи.

"Тилекке каршы, баланын айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү анын кайсы өлкөдө төрөлгөнүнө байланыштуу болууда. Кирешеси жогору өлкөлөрдө онкологиялык ооруга чалдыккан балдардын 80 пайыздан ашыгы айыгып кетсе, кирешеси төмөн жана орто өлкөлөрдө бул көрсөткүч кыйла төмөн", - деди Айгүл Жапарова.

Анын айтымында, мындай айырмачылык ооруну өз убагында аныктоо, керектүү дары-дармектердин жеткиликтүүлүгү, заманбап дарылоо ыкмаларын колдонуу жана медициналык адистердин квалификациясын жогорулатуу маселелери менен байланыштуу.

Ошондой эле Айгүл Жапарова дүйнө жүзүндө жыл сайын 400 миңге жакын балага рак диагнозу коюларын белгилеп, бул илдетке каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташтыкты күчөтүүгө чакырды.

Самаркандда өтүп жаткан эл аралык иш-чарага 100дөн ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышууда.