Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда, иш сапар менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Мамлекет башчысы райондордун эли менен жолугушууларды өткөрөт, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин облустун учурдагы социалдык-экономикалык абалы жана мындан аркы өнүгүү келечеги тууралуу маалыматтарын угат.