Бишкекте СССРдин Эл артисти Кайыргүл Сартбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү
Новость

Бишкектеги А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында бүгүн, 22-октябрда СССРдин Эл артисти Кайыргүл Сартбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Ага Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, маданият кызматкерлери жана Кайыргүл Сартбаеванын санаалаштары катышты.

Эске салсак, Кыргызстандын улуттук маданияты жана опера искусствосу 20-октябрда орду толгус жоготууга учурады. Опера ырчысы, СССРдин эл артисти, профессор Кайыргүл Сартбаева 90 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.