Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Манас шаарынын жана Сузак районунун тургундары жана активи менен жолукту.
Жолугушуунун учурунда Мамлекет башчысы аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышына, социалдык объектилердин курулушуна, энергетиканы өнүктүрүүгө жана калкты социалдык колдоо чараларына токтолду.
Бюджеттик көрсөткүчтөрдүн өсүшүн белгилеген Садыр Жапаров 2021-жылы Жалал-Абад облусунун бюджети 2 млрд 630 млн сомду түзгөнүн, ал эми 2025-жылга 11 млрд 490 млн сом өлчөмүндө бекитилгенин билдирди. Ошентип, 2021-жылга салыштырмалуу бюджет дээрлик 4,4 эсеге көбөйгөн. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттен кошумча каржылоону эске алганда, облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө 39 млрд 268 млн сом багытталган, анын ичинде 27 млрд 778 млн сом кошумча каражат болгон. 2026-жылы облустун бюджети 5 млрд 569 млн сом өлчөмүндө бекитилип, тогуз ай ичинде республикалык бюджеттен 12 млрд 757 млн сом бөлүнгөн.
Манас шаарынын бюджети 2025-жылы 7 млрд 493 млн сом өлчөмүндө бекитилсе, жылдын жыйынтыгы менен 15 млрд 400 млн сомду түздү. Салыштырмалуу 2021-жылы шаардын бюджети 544 млн сом болгон. Үстүбүздөгү жылы шаардагы капиталдык курулуш, оңдоо, жол инфраструктурасы, ичүүчү суу менен камсыздоо жана ирригация тармактарындагы 13 объект үчүн болжол менен 1,5 млрд сом каралган. Ушул эле мезгилде Сузак районунун бюджети 2021-жылдагы 317 млн сомдон 2025-жылы 676 млн сомго чейин өскөн. 2026-жылдын тогуз айында райондогу 45 капиталдык курулуш объектисине 930 млн сом бөлүнгөн.
Мамлекет башчысы 2026-жылы Жалал-Абад облусунда инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга Турукташтыруу фонду жана «Капиталдык салымдар» беренеси аркылуу 10 млрд 211 млн сом багытталганын маалымдады. Атап айтканда, Манас шаарындагы «Акылман» президенттик лицейин курууга 1,7 млрд сом, жалпы билим берүүчү мектептерди курууга дээрлик 1 млрд сом, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу турак жай комплекстерин курууга 2 млрд сом бөлүнгөн.
Саламаттык сактоо тармагында Түштүк аймактык илимий кардиологиялык комплексин курууга 1 млрд сом, облустук клиникалык оорукананын жаңы корпусун курууга 590 млн сом багытталган. Ошондой эле Каныш-Кыя айылында Жалпы дарыгерлик практика борборун жана төрөт бөлүмүн, Ала-Букада Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун имаратын курууга каражат бөлүнгөн. Токтогул шаарын комплекстүү өнүктүрүүгө, анын ичинде оорукана, балдардын реабилитациялык борбору, мектеп, бала бакча курууга, ички жолдорду, суу менен камсыздоо жана канализация системаларын өнүктүрүүгө 1 млрд 284 млн сом каралган.
Таш-Көмүр шаарындагы объектилерге, анын ичинде ооруканага, спорт комплексине, эс алуу багына, жолдорго жана тротуарларга 590 млн сом бөлүнгөн. Жалпысынан облуста мектептерди, бала бакчаларды, маданият жана саламаттык сактоо мекемелерин, ошондой эле ичүүчү суу менен камсыздоо жана ирригация объектилерин камтыган 179 социалдык объектте курулуш жана оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Садыр Жапаров аймакты ири транспорттук-логистикалык борборго айландырууга багытталган долбоорлорго өзүнчө токтолду. «Жалал-Абад» эл аралык аэропортунун курулушунун жарымынан көбү аткарылды.
Өлкө үчүн облус аркылуу өтө турган Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун да мааниси чоң. Ал сооданы кеңейтүүгө, жүк ташууну, кампа кызматтарын жана өндүрүштү өнүктүрүүгө, ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүүгө шарт түзөт. Кытайдын Кашкар шаарынан жаңы аба багытынын ачылышы Кыргызстандын аэропортторуна учкан учактардын маршрутун кыскартууга жана аба транзитин өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.
«Быйыл «100 өнөр жай ишканасы» долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунда 25 долбоорду ишке ашыруу каралган. Буга чейин бир катар объекттер пайдаланууга берилди. Алардын катарында «Тегене» көмүр кенин иштетүүчү ишкана, сэндвич-панелдерди өндүрүүчү «Мантай Групп» заводу, кубаттуулугу 5 МВт болгон «Солар Энерджи» күн электр станциясы жана башка өндүрүш объектилери бар. Дагы бир катар обьектилер жылдын аягына чейин ачылат. Акыркы беш жылда Жалал-Абадда жалпы 623 чакырым жолго асфальт төшөлгөн. Анын ичинен 347 чакырымы быйыл аткарылды», - деди Мамлекет башчысы.
Садыр Жапаров өз сөзүндө мамлекет билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, маданият жана спорт тармактарында иштеген адистерди колдоого өзгөчө көңүл буруп жатканын айтты. Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тартып бул тармактардагы 215 миңден ашуун кызматкердин эмгек акысы орточо эсеп менен 100 пайызга жогорулатылган. Техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын 102 миңден ашуун кызматкери үчүн айлык акы кеминде 50 пайызга көбөйгөн.
Билим берүүнү өнүктүрүү тууралуу сөз кылып жатып, Президент өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы тургундар менен жолугушууларда мектептерди, бала бакчаларды жана маданият үйлөрүн куруу, жаңылоо маселелери көп көтөрүлөрүн эске салды. Ал таланттуу балдар дал ушул айылдарда өсүп жетилерин, ал эми билим берүү алардын келечекке жолун ачарын баса белгиледи.
Аймакта «Алтын Казык» билим берүү программасы ишке ашырылып, мектептерде мугалимдер үчүн усулдук иш-чаралар жана тренингдер өткөрүлүүдө, ошондой эле окутуунун жаңы ыкмалары киргизилүүдө. Президент айылдарда кичи футбол аянтчаларын куруу иштери уланып жатканын айтып, бир-эки жылдын ичинде мындай аянтчаларды өлкөнүн бардык айылдарында куруу пландалып жатканын билдирди. Маданият тармагында Манас шаарынын жана Сузак районунун балдар музыкалык мектептериндеги музыкалык аспаптарды жаңылоого, ошондой эле Сузак районундагы маданият мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоого каражат бөлүнүүдө.
Саламаттык сактоо тармагында облустук клиникалык оорукананын хирургиялык корпусун жана Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун жаңы имаратын куруу иштери уланууда. Келерки жылы Сузак районунда 350 орундуу оорукана куруу мерчемделген. Аймактын дарыгерлер менен камсыз болуу деңгээли 73 пайызды, медайымдар менен камсыз болуу деңгээли 95 пайызды түзөт. Курулуп жаткан медициналык мекемелер заманбап жабдуулар менен камсыздалат.
Президент социалдык колдоо чаралары тууралуу да айтып берди. Пенсиянын өлчөмү жакында жогорулатылгандан кийин анын орточо көлөмү 12 648 сомду түздү. Жалал-Абад облусунда 151 403 пенсионер бар. Өзгөчө макамга ээ болгон айрым бийик тоолуу, жетүүгө кыйын жана чек арага чектеш калктуу конуштарда үй-бүлөлөргө үчүнчү жана андан кийинки ар бир бала үч жашка чыкканга чейин 3 000 сом өлчөмүндө жөлөкпул төлөнөт. 2026-жылдын 1-октябрына карата облуста бул жөлөкпулду 5 667 адам алып, төлөмдөргө ай сайын 17,1 млн сом багытталууда.
2026-жылдын 1-июлунан тартып «Бала ырысы» жөлөкпулу үй-бүлөнүн кирешесине карабастан, төрөлгөндөн үч жашка чейинки бардык балдарга ай сайын 1 200 сом өлчөмүндө төлөнүп жатат. Облуста бул жөлөкпулду 48 294 адам алып, ай сайынкы төлөмдөрдүн жалпы көлөмү 58,9 млн сомду түзөт.
Мындан тышкары, Садыр Жапаров 2027-жылдын 1-январынан тартып бир катар социалдык төлөмдөрдү көбөйтүү жөнүндө жарлыкка кол койгонун билдирди. Атап айтканда, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга берилүүчү жөлөкпул 8 000 сомдон 11 000 сомго, ата-энесинин экөөнөн тең ажыраган балдарга берилүүчү жөлөкпул 6 000 сомдон 8 000 сомго, ал эми багуучусунан айрылгандыгы боюнча жөлөкпул 3 000 сомдон 5 000 сомго чейин көбөйөт. Ошондой эле улгайган жарандарга, баатыр энелерге, Улуу Ата Мекендик согуштун жана Ооганстандагы согуштун ардагерлерине, Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандарга берилүүчү айрым төлөмдөр да жогорулатылат.
Суу менен камсыздоо маселелерине токтолгон Мамлекет башчысы калкты ичүүчү жана сугат суу менен камсыз кылуу маанилүү милдеттердин бири бойдон калып жатканын белгиледи. Эскирген суу түтүктөрүн алмаштыруу, насостук станцияларды жаңылоо, каналдарды тазалоо жана куруу олуттуу каражаттарды талап кылат. Ошого карабастан, бул маселелерди чечүү боюнча иштер этап-этабы менен жүргүзүлүүдө.
Турак жай маселесине да өзүнчө көңүл бурулду. «Менин үйүм» мамлекеттик программасынын алкагында Жалал-Абад облусунда 9 183 жаран турак жай алуу үчүн кезекте турат. 2016-жылдан бери облустун 3 560 тургуну турак жай менен камсыздалган, алардын ичинен 781 жаран банк аркылуу кредиттик каржылоо алган. 2025-жылдан бери Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 2 779 үй-бүлө турак жайга ээ болгон. Учурда облустун шаарлары менен райондорунда жалпы сыйымдуулугу 12 532 батирди түзгөн 15 турак жай комплекси курулууда.
Сөзүнүн соңунда Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык өнүгүүсү боюнча иштер улантыларын, көтөрүлгөн маселелер этап-этабы менен чечилерин белгиледи. Андан соң жолугушуу суроо-жооп форматында уланды.



