Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин биринчи орун басары Болот Чолпонбаев баштаган делегация 20-октябрда Душанбе шаарында өткөн Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Курулуш тармагындагы кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кеңешинин 47-жыйынына катышты.
Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар курулуш тармагын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин, ченемдик-техникалык базаны өркүндөтүүнү, ошондой эле курулушка заманбап технологияларды киргизүү маселелерин талкуулашты.
Кыргызстандын делегациясы курулуш ченемдерин жаңылоо, заманбап инженердик чечимдерди колдонуу жана сейсмикалык коргоо системаларынын компоненттерин ата мекендик өндүрүштө чыгарууну өнүктүрүү багытындагы тажрыйбасы менен бөлүштү.
Жыйынга катышуу Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө мамлекеттер менен курулуш тармагындагы өз ара кызматташтыкты чыңдоого, тажрыйба алмашууга жана курулуш объекттеринин коопсуздугун жогорулатууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

