Президент Базар-Коргон районунун тургундарынын көйгөйлөрүн жеринде ыкчам чечүүгө чакырды
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Базар-Коргон районунун эли менен жолугушту.
 
Жолугушуунун катышуучулары жол жана коммуналдык инфраструктураны өнүктүрүү, турак жай менен камсыз кылуу, жер жана мүлк талаштарын чечүү, ишкерлерди колдоо жана жеңилдетилген насыялардын жеткиликтүүлүгү маселелерин көтөрүштү.
 
Өзгөчө көңүл калктуу конуштардагы жолдордун абалына, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, калкты суу менен камсыз кылууга жана жарандардын жашоо сапатына түздөн-түз таасир эткен башка маселелерге бурулду.
 
Президент Садыр Жапаров жол инфраструктурасын өнүктүрүү иштери уланып жатканын айтып, тургундарды белгиленген пландарды этап-этабы менен ишке ашырууга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды. Жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында ал кооптуу тилкелердин абалын изилдеп, жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.
 
Жолугушууда ошондой эле турмуштук оор кырдаалга туш болгон жарандардын укуктарын коргоо, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жардам көрсөтүү, документтерди тариздөө жана соттук териштирүүлөргө байланыштуу иштерди кароо маселелери талкууланды. Мындан тышкары, ишкерлерди колдоо жана мурда кабыл алынган чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө маселелери да каралды.
 
Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров жергиликтүү бийлик органдарынын калк менен иштөөсүн күчөтүү зарылдыгын өзгөчө белгиледи. Ал көптөгөн көйгөйлөрдү жергиликтүү деңгээлде өз убагында чечип алса болорун айтты.
 
Буга байланыштуу жетекчилерге жарандар менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү, алардын кайрылууларына ыкчам жооп берүү жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде зарыл чараларды көрүү тапшырылды.