Сүлүктү шаардык ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын, Коомдук коопсуздук кызматынын, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда Сүлүктү шаарына жакын жайгашкан кен казуучу шахталарда иштеген чет өлкөлүк жарандар арасында алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөндө мыйзам талаптарын сактоо, коомдук жайларда жүрүм-турум эрежелерин так аткаруу, кыргыз элинин каада-салттарына жана улуттук баалуулуктарына урмат-сый менен мамиле кылуу, ошондой эле жергиликтүү тургундар менен жакшы мамиледе болуу зарылдыгы түшүндүрүлдү.
Мындан тышкары, коомдук тартипти сактоо, ар кандай укук бузууларга жол бербөө жана жергиликтүү калк менен өз ара түшүнүшүүдө болуу боюнча эскертүүлөр берилди. Мындай алдын алуу иш-чаралары коомдук коопсуздукту камсыз кылууга, укук бузуулардын алдын алууга жана улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө багытталган.