Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ананьево айылындагы «Ак Илбирс» илимий-изилдөө реабилитациялык борборунун ачылыш аземине катышты. Иш-чарага ошондой эле Россия Федерациясынын Татарстан Республикасынын Раиси Рустам Минниханов да катышты.
Өз сөзүндө Адылбек Касымалиев ак илбирстин — Кыргыз Республикасынын улуттук символдорунун бири катары, тоо жаратылышынын улуулугун, кыргыз элинин күчүн жана асылдыгын чагылдырган өзгөчө маанисин баса белгиледи.
Ал «Ак Илбирс» борборунун ачылышы ак илбирсти жана жапайы жаныбарлардын башка сейрек кездешүүчү түрлөрүн сактоо ишиндеги маанилүү кадам экенин белгиледи. Борбор илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, ветеринардык жардам көрсөтүү жана жаныбарларды реабилитациялоо, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо жаатында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт.
Министрлер Кабинетинин башчысы Татарстан Республикасынын Раиси Рустам Миннихановго долбоорду ишке ашырууга кошкон салымы жана Кыргыз Республикасы менен Татарстан Республикасынын ортосундагы достук байланыштарды чыңдаганы үчүн ыраазычылык билдирди.
Долбоордун негизги максаты — биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жок болуп кетүү коркунучу алдында турган сейрек кездешүүчү түр катары ак илбирсти узак мөөнөттүү коргоону камсыз кылуу. Долбоор жапайы жаныбарлардын сейрек кездешүүчү түрлөрүн изилдөөнү, алардын генетикалык ар түрдүүлүгүн сактоону, популяцияларды калыбына келтирүү боюнча чараларды иштеп чыгууну, ошондой эле керектүү илимий-изилдөө, ветеринардык жана реабилитациялык инфраструктураны түзүүнү карайт.
Долбоорду ишке ашыруу эл аралык илимий кызматташтыкты чыңдоого, илимий маалыматтар жана практикалык тажрыйба менен алмашууга, ошондой эле жапайы жаратылышты коргоо жаатында квалификациялуу адистерди даярдоого өбөлгө түзөт.



