МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков “АгроТехЭкспо-2026” агроөнөржай көргөзмөсүнүн ачылышына катышты
Новость

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков салтанаттуу иш-чара Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай тармагынын кызматкерлеринин күнүнө арналган “АгроТехЭкспо-2026” агроөнөржай көргөзмөсүн жана “Алтын күз” жарманкесин ачты.

Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон, экономика секторунун артыкчылыктуу тармактарынын бири – агроөнөр жай кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип жатканын айткан МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков, республиканын айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай тармагында аткарылып жаткан иштерге жана жетишкендиктерге токтолду. 

“Дыйкан - фермерлердин күжүрмөн эмгегинин натыйжасында 2026-жылдын 9 айында 399,5 млрд. сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлүп, өсүү темпи былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу106,5 пайызга өстү. Ал эми, кайра иштетүү тармагында 92,7 млрд. сомдук продукция кайра иштетилип, физикалык көлөмдүн индекси 109,4 пайызды түздү. Тармакта 75 ири-орто ишкана, 9 соода логистикалык борбор, 65 кооператив, 22 МТС түзүлүп, 1724 айыл чарба техникалары лизингге берилди, 2000 жаңы жумуш оруну ачылып, эл аралык сапат стандарттары 32 ишканада киргизилди”, - деди ал. 

Эрлист Акунбеков мындай жетишкендиктер негизинен өлкөнүн айыл чарба экономика секторуна көрсөтүлгөн мамлекеттик колдоонун натыйжасында болуп жатканын айтып сөзүн улады. 

“Айыл чарба жана кайра иштетүү тармагына мамлекеттик колдоо көрсөтүү мурда 2 долбоор аркылуу ишке ашырылып келсе, быйыл 8 долбоор менен ишке ашырылып жатат. Бул долбоорлордун алкагында үстүбүздөгү жылдын 9 айында 10 453 чарбакерге 12 млрд 537 млн сомдук жеңилдетилген насыя берилди. Мындан тышкары, мамлекеттик колдоо чаралары Мамлекеттик Инвестициялар Программасынын долбоорлорун ишке ашыруу да агроөнөр жай комплексинин өнүгүшүнө зор салымдарын кошуп жатканын белгилейм”, - МинКаб Төрагасынын орун басары.

Бул тармакты тескеген Эрлист Акунбеков Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен, өлкөнүн тарыхында биринчи жолу улуттук спутниктин космоско учурулушу айыл чарба тармагында инновациялык технологияларды активдүү киргизүүгө шарт түзгөнүн дагы бир жолу белгилеп, өз кезегинде бул спутник өлкөнүн жер жана суу ресурстарына, анын ичинде айыл чарба багытындагы жерлердин абалын баалоого, ошондой эле климаттык өзгөрүүлөргө мониторинг жүргүзүүгө жана инновациялык технологияларды активдүү киргизүүгө мүмкүндүк берет.

“Келечекте биздин алдыбызда мындан дагы арбын милдеттер турат. Өсүмдүктөрдүн айдап-себүү аянтын кеңейтүү, мал чарба тармагында селекциянын негизинде асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү, өндүрүлгөн чийки продукциянын 25 пайызын кайра иштетүү, кластердик өндүрүш ыкмасын мындан ары жайылтуу, айыл чарба продукциясынын экспортун 2 эсе көбөйтүү. Тамчылатып сугаруу системасын дагы жакшыртуу, жердин сугат суу менен камсыздоосун жогорулатуу. Айыл чарба тармагында “Акылдуу айыл чарбасы” санарип системасын, базалык көрсөткүчтөрүн жана агроөнөр жай комплексинин тармактарында маалыматтык системаларды түзүү”, - деп белгиледи ал.

Сөзүнүн жыйынтыгында МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин күнүнө байланыштуу тармактын адистерине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталарын тапшырды. 

Белгилей кетсек, айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө арналган жылдын эң ири “АгроТехЭкспо-2026” жана “Алтын күз” көргөзмө-жарманкеси үстүбүздөгү жлдын 23-25-октябрь күндөрү Бишкек шаарындагы Т. Усубалиев атындагы аянтта өткөрүлөт. Көргөзмө-жарманкеде арзандатылган социалдык баада сатылуучу азык-түлүк жарманкеси жана асыл тукум мал жана балык чарбасынын, айыл чарба техникасынын коргөзмөсү менен катар инновациялык технологиялар жана санарип чечимдер көрсөтүлөт. Өлкөнүн айыл чарбасынын бүгүнкү мүмкүнчүлүктөрү, заманбап технологиялары жана ата мекендик өндүрүштүн жетишкендиктери менен жакындан таанышууга болот.