Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Түп филиалынын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.
Имараттын курулушу 2025-жылдын июнь айында башталган. Анда жумушчу кабинеттер, арыздарды кабыл алуу жайы жана күтүү залы каралган. Кызматкерлердин натыйжалуу иштеши жана жарандарды тейлөөнүн сапатын жогорулатуу үчүн зарыл шарттар түзүлгөн.
Андан соң Министрлер Кабинетинин башчысы Түп айылындагы «Ак-Кайың» эс алуу паркынын ачылыш аземине катышты. Объекттин курулушу 2026-жылы аяктаган.
Министрлер Кабинетинин башчысы өлкө боюнча аймактардын тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу эс алуу шарттары түзүлүп, коомдук жайлар көрктөндүрүлүп жана туристтик инфраструктура өнүгүп жатканын белгиледи. Мындай долбоорлор калктуу конуштарды жашоо жана саякаттоо үчүн жагымдуураак кылып, жергиликтүү ишкердиктин өнүгүшүнө жана жарандардын жашоо сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.






