Президент “Дөөлөт курулуш” боюнча кайрылган жарандын суроосуна жооп берди
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ноокен районунун тургундары менен болгон жолугушууда “Дөөлөт курулуш” компаниясынын үлүш ээлеринин атынан кайрылган жарандын суроосуна жооп берди.

Мамлекет башчысы: ““Дөөлөт курулуш” деп ачып алып, котловандан баштап 3 миңдей адамды алдаган. Мамлекет ишти колго алып инвесторлорду таап, эсептеп чыкты. Бир чарчы метри 920 доллардан айланат экен. Эл такыр акчасын албай калбасын деп тапшырма бергем. Он чакты адам чогулуп алып ызы-чуу кылбагыла”, - деди.

Президенттин тапшырмасынын алкагында Курулуш министрлиги тарабынан компанияга тышкы башкаруу киргизилип, курулуш иштерин жандандыруу үчүн кытайлык инвестор тартылган. Бүгүнкү күндө келишимдин негизинде инвестор тарабынан 25 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү каражат курулушка салынды.

Ал эми министрликтин эсептөөлөрүнүн негизинде бир чарчы метрдин баасы 920 АКШ долларын түзүүдө. Бул курулуштун өздүк наркы, бул жерде мамлекет долбоордон киреше табууну көздөбөйт. Ал эми мөөнөткө келсек, үч жылдык талап инвестордун салган каражатын ушул убакыт аралыгында кайтарып алуусуна байланыштуу. Болбосо, долбоорду аягына чыгаруу кыйынга турат.

Мындан беш жыл мурда компания сунуштаган 750 долларлык бааны белгилөөдө келечектеги инфляциялык өзгөрүүлөр толук эске алынган эмес. Ошол мезгилден берки инфляция жана азыркы курулуш чыгымдары эсептелгенде, батирдин бир чарчы метринин баасы болжол менен 1000 долларды түзмөк.

Негизги максат — курулуш иштерин 1,5–2 жыл аралыгында бүтүрүп, үлүш ээлерин батирлерине киргизүү. Калган төлөмдөрдү үч жыл ичинде бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү каралган. 

Белгилей кетсек, учурда”Кудайберген” жана “Шопоков Сити” турак жай комплекстериндеги бардык блоктордо курулуш иштери уланууда. Объектилерде 400дөн ашык жумушчу эмгектенип, курулуштун сапаты жана иштердин жүрүшү министрликтин көзөмөлүндө.