Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангын ыйгаруу жөнүндө Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Турсункулов Кайрат Эркиновичке, Букалаев Алмаз Камчибековичке жана Мусаева Актилек Ишенгазыевнага Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси дипломатиялык рангы ыйгарылды.