Эки жылда түп-тамырынан жаңырган “Улан”: Ысык-Көлдө заманбап spa-комплекс, спорттук комплекс жана жаңы мейманкана ачылды
Новость

2024-жылы Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин Иш башкармалыгынынкарамагына өткөн «Улан» балдардын ден соолугун чыңдоо борбору эки жыл ичиндемасштабдуу реконструкциядан өтүп, Ысык-Көлдүн жээгиндеги заманбап, көпфункционалдуу ден соолукту чыңдоо, спорт жана туризм комплексине айланды. Бүгүн, 22-октябрда, борбордо реконструкциянын экинчиэтабынын алкагында үч ири объект — заманбап Ulan Thermal Spa термалдыккомплекси, дене тарбия жана ден соолуктучыңдоо комплекси (ФОК) жана 60 орундуужаңы мейманкана салтанаттуу түрдөпайдаланууга берилди. Ачылыш аземинеКыргыз Республикасынын Президентинин Ишбашкаруучусу Каныбек Туманбаев катышты.

Мындай жагдай жөн гана жаңы имараттардыначылышы эмес, көп жылдар бою жаңылануугамуктаж болуп келген объекттин кыскаубакыттын ичинде комплекстүү өзгөрүп, жаңыөнүгүү баскычына көтөрүлүшүнүн натыйжасы. Көп жылдар бою кесиптик бирликтердинкарамагында болгон «Улан» борборумезгилдин талабына ылайык жаңыланууга, материалдык-техникалык базасынжакшыртууга жана эс алуучулар үчүн заманбапшарттарды түзүүгө муктаж эле. 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Ишбашкармалыгынын карамагына өткөндөнкийин борборду комплекстүү реконструкциялоожана өнүктүрүү иштери башталып, эки жылдыничинде анын инфраструктурасын жаңылоогобагытталган масштабдуу иштер жүргүзүлдү.

Реконструкция эки этап менен ишкеашырылды. 2025-жылдын октябрь айындаКыргыз Республикасынын Президентиборборго келип, жаңылоо иштеринин биринчиэтабынын алкагында даярдалганобъектилерди ачып берген. Андан кийинкимезгилде инфраструктураны өнүктүрүү иштериулантылып, бүгүн реконструкциянын экинчиэтабы толук аяктады. Натыйжада «Улан» борборунун инфраструктурасы жаңы мазмунгаээ болуп, эс алуу, спорттук даярдык, ден соолукту чыңдоо жана туристтерди кабыл алуубоюнча мүмкүнчүлүктөрү кыйла кеңейди.

Ачылган объектилердин ичинен өзгөчө орундутабигый минералдык булактардын негизиндетүзүлгөн Ulan Thermal Spa термалдыккомплекси ээлейт. Заманбап талаптаргаылайык жабдылган комплексте эркектер жанааялдар үчүн өзүнчө бөлүмдөр каралып, бассейндер, хаммам, орус мончосу, туз бөлмөсү, джакузи жана жайлуу эс алууаймактары уюштурулган. Ачык асман алдындатемпературасы ар түрдүү минералдык суусубар алты бассейн жана муздак таза суусу бар эки бассейн жайгашкан. Алардын бири балдарүчүн атайын каралган. Мындан тышкары, жайкы жана кышкы террасалары бар кафелер, ошондой эле 10–15 адамга ылайыкталганөзүнчө VIP SPA-аймак түзүлгөн.

Табигый минералдык булактарды заманбаптейлөө инфраструктурасы мененайкалыштырган бул комплекс борбордун жылбою иштөөсүнө шарт түзүп, Ысык-Көлдө ден соолукту чыңдоо туризмин өнүктүрүүгө жаңымүмкүнчүлүктөрдү ачат. Эми коноктор көлжээгиндеги жайкы эс алуу менен ганачектелбестен, жылдын башка мезгилдериндеда термалдык кызматтардан пайдаланып, ыңгайлуу шартта эс ала алышат.

Экинчи ири объект — спорттук машыгуулардыжана ири иш-чараларды өткөрүүгөылайыкташтырылган заманбап дене тарбияжана ден соолукту чыңдоо комплекси. Ал дзюдо, самбо, грек-рим жана эркин күрөш, кыргыз күрөшү, бокс сыяктуу спорт түрлөрүбоюнча машыгууларды, окуу-машыгуужыйындарын, республикалык жана эл аралыкмелдештерди өткөрүүгө багытталган. Ошондойэле баскетбол, волейбол жана кичи футбол үчүн керектүү жабдуулар каралган.

Комплекстин көп функционалдуумүмкүнчүлүктөрү спорттук иш-чаралар мененгана чектелбейт. Бул жердеконференцияларды, форумдарды, семинарларды, маданий программалардыжана концерттерди уюштурууга да шарттүзүлгөн. Жаңы спорттук инфраструктура спортчулардын даярдык деңгээлинжогорулатууга, машыгуу жыйындарынөткөрүүгө жана Ысык-Көлдүн спорттук туризм багытындагы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгөөбөлгө түзөт.

Мындан тышкары, 60 орундуу жаңымейманкана пайдаланууга берилди. Заманбапэмеректер жана керектүү жабдуулар мененкамсыздалган бөлмөлөр коноктордун ыңгайлууэс алуусуна ылайыкталган. Мейманканаспорттук жыйындардын катышуучуларын, туристтерди, корпоративдик иш-чаралардынконокторун жана башка эс алуучуларды кабылалууга багытталган. SPA-комплекс, спорттукжай жана мейманкананын бир аймактажайгашуусу борбордун кызмат көрсөтүүмүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, эс алуу, спорт жана иш-чараларга катышууну бир жердеайкалыштырууга шарт түзөт.

«Улан» борборундагы өзгөрүүлөр бүгүначылган үч объект менен гана чектелбейт. Комплекстүү реконструкциянын жүрүшүндөмурдагы жатак корпустары капиталдыкоңдоодон өткөрүлүп, ички жасалгалары жанаэмеректери жаңыланды. Суу мененкамсыздоо, канализация жана электртармактары алмаштырылды. Борбордунаймагы көрктөндүрүлүп, жаңы жөө жүрүүчүаллеялар салынып, заманбап жарыктандыруусистемалары орнотулду.

Спорттук инфраструктура эки футбол аянтчасы, баскетбол жана волейбол аянтчалары, теннис корту, 600 метрлик чуркоожолу, воркаут-аймактары жана балдар үчүноюн аянтчалары менен толукталды. Ошондойэле 650 көрүүчүгө ылайыкталган, чоң LED-экран менен жабдылган заманбап амфитеатр пайдаланууга берилип, концерттерди, маданий-массалык иш-чараларды жана ар кандай оюн-зоок программаларын өткөрүүгөшарт түзүлдү. Мындан тышкары, ашканаоңдолуп, конференц-зал уюштурулду, киржуучу жай заманбап өндүрүштүк жабдууларменен камсыздалып, санитардык-тиричиликшарттары жакшыртылды.

Мунун баары борбордун сырткы көрүнүшүнгана эмес, анын иштөө мүмкүнчүлүктөрүн да түп-тамырынан өзгөртүүгө багытталган. Эгер мурда «Улан» негизинен сезондук эс алуужайы катары иш алып барса, эми ал жыл бою конокторду кабыл алууга, спортчулар үчүнмашыгуу жыйындарын уюштурууга, мелдештерди жана конференциялардыөткөрүүгө, ошондой эле ден соолукту чыңдоокызматтарын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алганзаманбап комплекс болуп калды.

Ысык-Көлдүн жээгиндеги ыңгайлуужайгашуусу, табигый минералдык булактары, кеңейтилген спорттук инфраструктурасы жанажаңы мейманканасы борбордун ички жанатышкы туризмди өнүктүрүүдөгүмүмкүнчүлүктөрүн арттырат. Ошону мененкатар жаңы кызмат көрсөтүүлөрдүн ишкекириши жумуш орундарын түзүүгө, аймактынтуристтик жагымдуулугун жогорулатууга жанамамлекеттик эс алуу объектилерининэкономикалык натыйжалуулугун күчөтүүгөшарт түзөт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ишбашкармалыгына караштууСанатория-курорттук, ден соолукту чыңдоочужана туристтик объектилерди башкаруубоюнча дирекция мамлекеттиксанаторийлерди, пансионаттарды жана эс алууборборлорун заманбап талаптарга ылайыкөнүктүрүү, алардын инфраструктурасынжаңылоо жана кызмат көрсөтүүнүн сапатынжогорулатуу багытындагы иштерин улантууда.

Эки жылдын ичинде ишке ашырылганмасштабдуу өзгөрүүлөрдүн жыйынтыгында«Улан» борбору жаңы мазмунга ээ болуп, эс алуу, спорт жана туризмди бириктиргензаманбап комплекске айланды. Бүгүнпайдаланууга берилген үч ири объект реконструкциянын толук аяктаганын билдирүүменен бирге борбордун мындан аркыөнүгүүсүнө, Ысык-Көлдүн туристтикмүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана жарандарүчүн сапаттуу эс алуу шарттарын түзүүгөбагытталган маанилүү кадам болуп саналат.