Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Аксы районунун активи жана тургундары менен жолугушту.
Мамлекет башчысы облустун инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан масштабдуу иштер тууралуу айтып берди. Каражаттар мектептерди, медициналык мекемелерди, турак жай комплекстерин, жолдорду, ичүүчү суу менен камсыздоо жана ирригация системаларын курууга жана оңдоого багытталууда. Мындан тышкары, аймакта бала бакчаларды, маданият, спорт жана саламаттык сактоо мекемелерин камтыган социалдык объектилерде курулуш жана оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Президент Аксы районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына өзүнчө токтолду.
“2021-жылы Аксы районунун бюджетинин көлөмү 154 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 308 млн сомго жеткен. Башкача айтканда, райондун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2 эсеге жакын көбөйгөн. Республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу 355 млн сом акча каражаты каралып, 2026-жылдын 1-октябрына карата 347 млн сом бөлүнүп берилген.
Аксы районунда соңку беш жылда жалпы 125 чакырым ички жол асфальтталды. Анын ичинен 2026-жылы 30 чакырым жолго асфальт басылды. Ошондой эле Сары-Челек жана Падыша-Ата туристтик аймактарына алып баруучу жолдор оңдолду”, - деди Садыр Жапаров.
Мамлекет башчысы билим берүү системасын модернизациялоо жана окутуунун жаңы ыкмаларын киргизүү, ошондой эле жаштар үчүн спорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча иштерди да белгиледи. Анын ичинде республиканын айылдарында мини-футбол аянтчаларын куруу уланууда.
Ал райондо энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине да өзүнчө токтолду.
“Аксы районунда да чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү боюнча конкреттүү иштер аткарылды. Кубаттуулугу 0,5 МВт болгон «Тосту» жана 4,75 МВт болгон «Аксы» ГЭСтери ишке киргизилди”, - деди Президент жана келерки жылы Кербен шаарында 100 орундуу Жалпы дарыгерлик практика борбору куруларын кошумчалады.
Сөзүнүн соңунда Мамлекет башчысы калкты жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу боюнча иштерге токтолуп, Кербен шаарында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак жай комплексинин курулушу уланып жатканын айтты.
Ошондой эле Аксы районунун тургундарын таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу, ирригациялык инфраструктураны жакшыртуу жана кайрак жерлерди өздөштүрүү маселелерине токтолду. Мындан тышкары, Президент айыл чарбасына мамлекеттик колдоо көрсөтүү чараларын, анын ичинде фермерлерге чарбаларын өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген насыяларды берүү иштерин белгиледи.
Андан соң жолугушуу суроо-жооп форматында уланды.