Акжол Махмудов Астанадагы Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты
Новость

Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча 2026-жылкы Дүйнө чемпионатын кыргызстандык балбан Акжол Махмудов ийгиликтүү баштады.

82 кг чейинки салмак категориясында күч сынашкан Акжол Махмудов азербайжандык Гурбан Гурбанов менен болгон курч беттеште 7:6 эсебинде жеңип, жарым финалга жолдомо алды.

Эми финалга чыгуу үчүн боло турган беттеште Түркиядан келген балбан Юксель Сарычичек менен кез келет.

Жарым финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 17:30да башталат.

Дүйнө чемпионатын УТРК СПОРТ каналынан көрө аласыздар.