Президент Садыр Жапаров Токтогул районунун тургундарынын суроолоруна жооп берди
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Токтогул районунун жашоочуларынын суроолоруна жооп берди.

Тургундар электр энергиясы менен камсыздоо, айыл чарбасын өнүктүрүү, таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу, жол инфраструктурасын жана транспорттук каттамдарды жакшыртуу, жер мамилелери жана турак жай менен камсыздоо маселелерин көтөрүштү. Ошондой эле соттук териштирүүлөргө жана кылмыш иштерин иликтөөгө байланыштуу кайрылуулар айтылды.

 Мамлекет башчысы тиешелүү ведомстволорго электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана айыл чарба долбоорлорун колдоо маселелерин иштеп чыгууну тапшырды. Жер жана мүлк талаштарына байланыштуу айрым кайрылуулар боюнча зарыл текшерүүлөрдү жүргүзүп, мыйзамдардын алкагында чечимдерди кабыл алууну тапшырды.

Жүргүнчүлөрдү ташуунун коопсуздугун камсыз кылууга, аймактар ортосундагы транспорттук каттамдарды өнүктүрүүгө жана ишкердик жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Президент Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга тургундардын кайрылууларын тыкыр карап чыгууну, талаштуу маселелерди объективдүү кароону жана көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүү боюнча конкреттүү чараларды көрүүнү тапшырды.