Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыга алган жок. Ал грек-рим күрөшүнөн 82 килограммга чейинки салмакта күч сынашууда.
Махмудов мелдешти 1/16 финалдан баштап, египеттик Эмад Ашраф Мохамед Абуэлаттаны 5:1 эсебинде жеңген. Андан соң грузиялык Гела Болквадзени 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп, чейрек финалга чыккан.
Чейрек финалда азербайжандык Гурбан Гурбанов менен беттешкен кыргызстандык балбан алгач 0:6 эсебинде утулуп жаткан. Бирок кармаштын акыркы мүнөтүндө упайларын көбөйтүп, 7:6 эсебинде жеңишке жеткен.
Жарым финалда түркиялык Юксель Сарычичек менен күч сынашып, 0:6 эсебинде жеңилди.
Эми Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын коло медалы үчүн күрөшөт. Анын атаандашы азырынча аныктала элек. Коло медаль үчүн беттеш 25-октябрда өтөт.