Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпионатында күмүш байгенин ээси болду
Новость

Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медалга ээ болду.

Ал Астанада өтүп жаткан дүйнө биринчилигинин финалында 68 килограммга чейинки салмакта кытайлык Жиа Лонг менен күрөшүп, 4:3 эсебинде жеңилип калды.