Бишкекте Каныкей Эралиеванын юбилейлик мааракеси салтанаттуу белгиленди
Новость

Бишкекте Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында 12-ноябрда Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү композитор жана ырчы Каныкей Эралиеванын юбилейлик мааракесине арналган салтанат болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев катышты.

Министр Мирбек Мамбеталиев өз сөзүндө Каныкей Эралиеванын кыргыз музыка искусствосундагы ордуна токтолуп, анын чыгармачылыгы улуттук маданияттын баалуу мурасы экенин белгиледи. Ошондой эле белгилүү композитор жана ырчынын чыгармачылык эмгегине жогору баа берип, мындан аркы ишине ийгиликтерди каалады.

Салтанаттын жүрүшүндө Каныкей Эралиеванын улуттук маданиятты жана музыкалык искусствону өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык чыгармачылык жолу белгиленип, анын өнөрү даңазаланды. Юбилейлик кечеде көрүүчүлөргө майрамдык концерттик программа тартууланып, Каныкей Эралиеванын белгилүү чыгармалары аткарылды.