12-ноябрда “Борбордук Азия – Кытай” форматындагы иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев беш өлкөнүн курулуш министрлерине Бишкек шаарындагы катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү экотехнологиялык заводдун ишмердүүлүгү менен тааныштырды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кытай, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн курулуш министрлерине калдыктарды кайра иштетүү технологиялары, өндүрүштүк процесстер жана таштандыдан электр энергиясын алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди.
Завод 2025-жылдын 27-декабрында ачылып, Борбор Азиядагы алгачкы экотехнологиялык калдыктарды кайра иштетүүчү ишкана болуп саналат. Ишкананын суткалык кубаттуулугу 1–1,2 миң тоннаны түзүп, 30 мегаватт-саатка чейин электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарында калдыктарды кайра иштетүү системасын кеңейтүү жана экинчи заводду куруу маселеси да каралууда. Бул багыттагы иштер шаардагы экологиялык абалды жакшыртууга, калдыктардын көлөмүн азайтууга жана альтернативдүү энергия булактарын өнүктүрүүгө багытталган.





