Бишкектин айрым жерлеринде 13-ноябрда жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулат
Новость

Бүгүн, 13-ноябрда жылуулук тармагындагы бузулган жерди аныктоо жана оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектин айрым жерлеринде жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Төмөнкү даректерде жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу чектелет:

-"Асанбай" кичи району: 4, 3, 2, 2/1, 8, 9, 8/3, 8/1, 10, 11, 13, 2а, 15а, 15, 14, 17, 17/1, 3в, 18, 19, 2123/2, 22, 23, 29, 28, 25, 27;
- А. Токомбаев көчөсү: 53/1г, 53/3, 53/1б.

"Бузулган жерди оңдоо иштерин бүгүн күн ичинде аяктоо пландалууда. "Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы шаар тургундарынан убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт", - деп айтылат маалыматта.