Министрлик: Бишкек - Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда унаа жол ачык
Новость

Бүгүн, 13-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында аба ырайы ачык. Бишкек - Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда жана Өтмөк ашуусунда саат 09:45ке карата автожол ачык, унаалардын каттамы үзгүлтүксүз камсыздалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ал эми Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда абал туруктуу. Жол кызматкерлери тарабынан автожолдордо үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүлүп, жол коопсуздугун камсыздоо боюнча тиешелүү иштер улантылууда. "Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды аба ырайын эске алууга, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, ылдамдыкты азайтууга жана убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат", - деп айтылат маалыматта.