2026-жылдын 15-17-ноябрь күндөрү түнкүсүн жана эртең менен Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө абанын температурасы 0...-2°C чейин төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
"Мындай суук аба ырайы жыйнала элек мөмө-жемиштерге, ошондой эле казылып алынган жана жабылбаган картошка менен кант кызылчасына кооптуулук жаратат. Тургундарды жана дыйкандарды түшүмдү сактоо чараларын көрүүгө чакырышат", - деп айтылат маалыматта.