Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын материалдык-техникалык базасы чыңдалып, эки заманбап көчмө телестанция менен толукталды.
Жаңы техникалар Президент Садыр Жапаровдун колдоосу жана Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тапшырмасына ылайык алынды.
Көчмө телестанциялар эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды түз эфирде жана жогорку сапатта чагылдырууга мүмкүнчүлүк берет.
Техникалар Японияда чыгарылган Sony үлгүсүндөгү 3500 жана 3200 сериясындагы камералар менен жабдылган. Жаңы техникалар УТРКнын ири иш-чараларды чагылдыруу мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.








