Президент Ысык-Көл районунун жана Балыкчы шаарынын эли менен жолукту
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-ноябрда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ысык-Көл районунун жана Балыкчы шаарынын тургундары менен жолугушту.
 
Жолугушуунун жүрүшүндө жарандар аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, инфраструктурага жана жергиликтүү калктын актуалдуу көйгөйлөрүн чечүүгө байланыштуу кеңири чөйрөдөгү маселелерди көтөрүштү.
 
Тактап айтканда, темир жолдун бир бутагын куруу, ичүүчү суу менен камсыздоо, сугат каналдарын тартуу, тоо ашуусунда жол куруу, ипотекалык турак жай берүү, ошондой эле жер талаштарын жөнгө салуу маселелери козголду.
 
Мындан тышкары, тургундар тарыхый эстеликтерди сактоо, спортту колдоо жана спорттук объектилерди куруу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүү инфраструктура түзүү зарылдыгына көңүл бурушту. Ошондой эле Ысык-Көлдүн экосистемасын сактоо боюнча сунуштарын айтышты.
 
Кайрылуулардын арасында мунапыс берүү, алдамчылык фактылары жана укук коргоо органдарынын аракеттерине байланыштуу өтүнүчтөр да билдирилди.
 
Ошондой эле уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү иштерин басаңдатпоо чакырыгы айтылды.
 
Буга жооп катары Президент уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш мындан ары дагы күчөтүлөрүн белгилеп, күч түзүмдөрүнө жана сот органдарына тиешелүү тапшырмаларды берди.
 
Мамлекет башчысы белгилегендей, акыркы жылдары Кыргызстанда коопсуздукту камсыздоо жаатындагы өлкөнүн имиджи кыйла жакшырып, натыйжасында туристтердин жана инвестициялардын агымы өстү.
 
Жарандардын кайрылууларын угуп, Президент Садыр Жапаров аткаруу жана сот органдарынын өкүлдөрүнө көтөрүлгөн маселелерди тыкыр карап чыгып, мыйзамдардын алкагында чечимдерди кабыл алууну камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды берди.