141
25-июнда саат 07:00дө Дүйнө чемпионатынын 3-турундагы А тайпасында курамалар - Чехия менен Мексика беттешет.Тайпадагы Мексика биринчи жана экинчи турда жеңишке жетип, топтон чыгууну камсыздаган. Ал эми Чехия 1 упай менен акыркы орунда турат. Беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлөт....
147
25-июнда саат 07:00дө Дүйнө чемпионатынын 3-турундагы А тайпасында курамалар - Түштүк Африка Республикасы жана Түштүк Корея беттешет. Бул плей-оффко чыгарын аныктай турган принципиалдуу оюн. Тайпадагы Мексика курамасы эбак эле топтон чыгууну камсыздаган, ал эми экинчи орун үчүн негизги күрөш уш...
169
25-июнга караган түнү саат 04:00дө С тобундагы курамалар үчүн акыркы тур болот. Бразилия менен Шотландия беттешет.Бразилияда 4 упай, Шотландияда 3 упай бар. Беттеш тайпадагы лидерликке таасир этиши мүмкүн.Беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлөт.Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнч...
134
25-июнга караган түнү саат 04:00дө С тобундагы курамалар үчүн акыркы тур болот.Марокко 4 упай менен экинчи орунда, Бразилияда да 4 упай, бирок гол айырмасы менен тайпада биринчи орунда келе жатат. Гаити болсо эки оюнда тең жеңилип, бир да упай топтой алган жок жана плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгүн жог...
137
Дүйнө чемпионатынын В тайпасынын акыркы турунда плей-оффго чыгуу үчүн Катар менен Босния жана Герцеговина беттешет. Оюн 25-июнда саат 01:00дө болот. Учурда эки тарапта тең 1ден гана упай бар жана бул оюн эки курама үчүн тең маанилүү болуп саналат. Беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрс...
140
25-июнга караган түнү саат 01:00дө Дүйнө чемпионатынын тайпалык этабынын 3-турунун алкагында Швейцария жана Канада курама командалары кез келет. Учурда эки команда тең эки оюндун жыйынтыгы боюнча 4төн упай топтоп, топтун сап башында баратышат. Канада курамасы өз тарыхында алгачкы жолу плей-оффк...
363
Бүгүн, 24-июнда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын шаарынын жана Нарын районунун тургундары менен жолугушту.Жашоочулар саламаттыкты сактоо тутумун өнүктүрүү, калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу, жайыттарды пайдалануу, жарандарды...
120
Бүгүн, 24-июнда, Нарын шаарында “Мөңгүлөрдү изилдөө, сактоо жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу” (IPROMO) аттуу Эл аралык жайкы мектеп расмий ачылыш аземи болуп өттү.Иш-чара Кыргыз Республикасынын тоо күн тартибин илгерилетүү, климаттын өзгөрүшү жана мөңгүлөрдү сактоо жаатындагы эл аралык кызматташ...
139
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын шаарынын жана Нарын районунун активи жана тургундары менен жолугушту.Президент өз сөзүндө облустун негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолуп, мамлекеттин бюджеттик мүмкүн...
372
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Нарын шаарынын жана Нарын районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ошондой эле аймакты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган келечектүү долбоорлор менен таанышты.Мамлекет башч...
215
Талас облусунун Талас районундагы Чоң-Токой айылынын четинде Талас дарыясына түшүп кеткен өспүрүмдү издөө иштери уланууда.ӨКМдин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 23-июнунда 2011-жылы туулган Т. уулу Б. аттуу өспүрүмдүн дарыяга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерде суудан издөө...
107
Кыргыз Республикасындагы президенттик шайлоо 27-январда өтүшү керек. Бул тууралуу 24-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Марлен Маматалиев билдирди.Анын айтымында, мыйзамга ылайык, мамлекет башчысын шайлоо 2027-жылдын январь айынын акыркы жекшембисинде өтүшү керек."Бүгүн биз шайлоо жөнүндө мыйза...
119
Бишкек шаарында 2026-жылдын 26-июнунан тартып биринчи этаптын алкагында жол-транспорттук инфраструктураны реконструкциялоо жана жакшыртуу иштерине байланыштуу автоунаалардын кыймылы убактылуу чектелет.Чектөө М. Иманалиев көчөсүнүн Байтик баатыр көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө ки...
561
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ат-Башы районунун активи жана тургундары менен жолугушту.Мамлекет башчысы өз сөзүндө Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү тууралуу айтып берди. Ал акыркы...
205
Казакстандан Кыргызстанга алынып келе жаткан 8,5 тонна коон өлкөгө киргизилбей, артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти билдирди.Чалдыбар фитосанитардык көзөмөлдөө постундагы ж...
506
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда, Нарын облусуна иш сапарынын алкагында Ат-Башы районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалары жана перспективдүү долбоорлору менен таанышты.Райондун акими Мухтар Шербаев Мамлекет башчысына акыркы жылдары ишке ашырылган инфраст...
447
Дүйнө чемпионатынын К тайпасындагы Колумбия жана Конго ДР курама командаларынын беттеши колумбиялыктардын жеңиши менен аяктады. Эсеп 1:0 болду. Оюндан кийин Колумбия 3 упай алып, плей-офф баскычына чыкты.Алар биринчи турда Өзбекстандын курамасын 3:1 эсебинде ишенимдүү жеңип, 3 упай менен группанын с...
420
24-июнда L тайпасындагы оюндардын 2-туру орун алды. Анда Хорватия Панаманы минималдуу эсеп менен жеңип, плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгүн сактап калды. Анте Будимир 54-мүнөттө эсепти ачты. Бул жеңиш менен Хорватия тайпадагы алгачкы үч упайын алды. Ал эми катары менен экинчи жолу жеңилген Панама ту...
134
Ош шаарындагы Ош көчөсүн кеңейтүү иштеринин алкагында жолго жакын курулган курулуштарды түрттүрүү иштери улантылууда. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда айрым турак жайлар менчик ээлери тарабынан өз ыктыяры менен бузулууда. Ал эми жолдун курулушуна тоско...
386
Бишкектеги Алыкулов 1 дарегинде жайгашкан №42 мектептин жаңы окуу корпусунун курулушу текшерилди. Бул тууралуу курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.Маалым болгондой курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев борбор калаада курулуп жаткан билим б...